Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов УКМКнин тергөө абагын таштап кетишет

Бишкектин мурдагы мэри абакта өтө маанилүү адамдар үчүн орун даярдашууда деп ойлойт

Камактагы Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдоду УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которушу мүмкүн. Ушундай өтүнүч арызы менен ПКККнын директору Сагынбек Исмаилов айтып чыкты. Анын катын бүгүн мурдагы шаар башчыларына козголгон кылмыш иши боюнча соотук отурумдун жүрүшүндө окуп беришти.

Исмаилов УКМКнын тергөө абагы толуп кеткендиктен, бул өтүнүч ошого негизделген деп белгилеген.

Ал арада сот аталган маселе боюнча Кулматов менен Ибраимовдун пикирлерине да кызыкты. Экөө тең каршы эместиктерин билдиришти. Ошол эле учурда Албек Ибраимов,  мага кайсы жерде олтургандын айырмасы жок деп кошумчалады.

«Мага айырмасы жок, бирок, менимче УКМКнын тергөө абагында өзгөчө маанилүү адамга орун даярдалып жатат», - деген борбордун мэринин сөзүнөн журналистер цитата келтиришти.

Ал арада соттолуучулардын коргоочусу Сергей Слесарев каттын маңызы ыксыз болуп калган деп жоромолдойт.

 «Бул камактагы адамдарды коркутуу үчүн жасалат, - дейт ал. -Ал жакта шарттар башкача. Эгерде УКМКнин тергөө абагындагы камерада көп болсо үчтөн адам болсо, №1 тергөө абагында 10-12 адамдан кармалат. Анан баары билишет, ал жерде криминалитет бар экендигин».

 Башка коргоочулар кесиптешин колдошту жана бул кат жарабай тургандыгын, себеби ал мамайыптоочу тарабынан арыз- өтүнүч катары жасалышы керек эле деп билдиришти. Ошол эле учурда, коргоочу тарап, эгерде УКМКнын тергөө абагында кармоого шарттар болбосо, соттолуучуларды үй камагына чыгарууну суранышты.   

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх