Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайрат Осмоналиев: ЭККМКнын жана Финчалгындоонун башчылары элдин башын айландырып келишкен

Бакир Таиров жана Гуламжан Анарбаев Матраимовдордун мүлкүн текшерүүдө пайда болгон кызыкчылыктардын конфликти үчүн кызматтарынан кетиши керек деген пикирлер жаралууда

ЭККМК башчысы Бакир Таиров, ошондой эле финчалгындоо МКнын төрагасы Гуламжан Анарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкү боюнча текшерүү маалында коомчулуктун башын айландырып келишкен. Ушундай пикири менен Антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- 700 миллион доллардын чыгарылып кеткендиги жөнүндөгү журналистик иликтөөлөрдөн кийин, премьер текшерүү жүргүзүүнү тапшырган, -деп эске салды ал. - Мурдаараак, эки аткаминерде тең кызыкчылыктардын конфликти болгондугу билинген. Финчалгындоонун башчысы көпкө чейин өзүнүн Матраимовдорго куда болгондугун четке кагып келген. Кийинчерээк аны ачыкка чыгарышты.  Анын бул жүрүш - турушу кадимки жалганчылык болуп жатпайбы, а бизди болсо жиндилердей көрүп жатышат.

Кайрат Медербекович, журналистердин текшерүүгө кабыла турган бир канча компанияларды Финчалгындоонун башчысынын каза болгон бир тууганы  «башкарып тургандыгы» тууралу маалыматты жарыялагандыгын кошумчалады.

- Кызыкчылыктардын конфликти тууралу мыйзамга Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришип жаткан биринчи күндөрү кол койгон, аны менен паракорчулук менен болгон күрөш аягыс жүргүзүлөт, - деди ал. - Аталган мыйзам боюнча, кызыкчылыктардын конфликтинин бар экендиги тууралу маалыматка ээ мамлекеттик кызматкер, этика боюнча комиссияга же өзүнүн түздөн-түз жетекчисине бул тууралу үч күндүн ичинде кабарлашы керек. Аталган учур тууралу Таиров да, Анарбаев да эскертилген кыймылдарды жасашы керек эле. Бирок, алар журналистер качан дубалга такаганга чейин андайга барышкан жок.

Осмоналиев премьер - министрдин жогоруда аталган аткаминерлерди «бөрү билети менен» кызматтан кетириши керек деп болжойт.

- Бир аз мурдараак ушундай окшош чуу УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов менен да болгон, - деп мисал келтирди юридика илимдеринин доктору. - Бирок, ал кызматынан кеткен болчу, ал эми булар азыркыга чейин олтурушат. Менин оюмча, Башкы прокуратура аларга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнү башташы керек. Эгер антпесе, биз паракорчулукту жеңе албайбыз жана бир жерде эле үйүлүшө бергенди уланта беребиз.

Ошол эле учурда Vesti.kg сайты Матраимовдордун мүлкү боюнча текшерүүнүн жыйынтыктарына депутаттар ишенишеби деп кызыкты.

Таабалды Тиллаев Vesti.kg сайты менен сүйлөшкөндө, ЭККМКка ишенерин белгиледи.

- Бул расмий маалыматтар, жана менин аларга ишенбей койгонго таяна турган негиздерим жок, - деп белгилеп өттү ал. - Жакында, алардын мүлкүн кайсы өлкөлөрдөн издегени тууралу документтерди беришет, мүмкүн. Ошондо бардыгы ачыкка чыгат.

Өз кезегинде Евгения Строкова менен Алманбет Шыкмаматовдор  Vesti.kg сайтына текшерүүнүн алдын-ала жыйынтыктарын комментарийлегенден баш тартышты. Эки депутат тең учурда, аталган маселе менен тааныша электигине шылташты.

Эске салсак, мурдараак ЭКККМК төрагасы Матраимовдордун мүлкү юоюнча текшерүү агына чыгып калды деп кабарлаган. Алдын - ала маалыматтар боюнча аталган үй- бүлөдө чет өлкөдө эч кандай «байлыктары» жок.

Вероника Малышева

Фото www





 




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх