Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык открытканы июнда алды (фото)

КСДПдан президентке ыраазычылык билдиришти жана ага жооп кылып алар дагы мыскылдуу куттукташты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык куттуктоо открыткасын алды. Атамбаевдин тарапташтарын куттуктоо катынын июнда келгендиги таң калтырды.

Открытканын сүрөтүн КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү  Темирлан Султанбеков Facebook социалдык түйүнүнө жарыялады.

«Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке мурдагы президент Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти Жаңы 2019- жылы менен ысык, достук дилден куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.  

Биз дагы Сооронбай Шариповичти чын жүрөктөн куттуктайбыз, чың ден - соолук, үй - бүлөлүк бакыт, иштеринде ийгилик жана аны ыңгайсыз абалга калтырбаган, чынчыл команданы курашын каалайбыз.

Майрамыңар менен, кыргызстандыктар!», - деп жазган Султанбеков.

Кат бүгүн 2019-жылдын 24-июнунда келген.

Vesti.kg сайты мамлекет башчысынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева менен байланышканга аракет жасады, бирок ал комментарийлер үчүн жеткиликсиз болуп жатты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх