Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШ элчилигинен өздөрүнүн кызматкеринин Бишкекте болгон жол транспорт кырсыгы болгон жерден качып кетпегендигин такташты

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн машина коюп кеткен кыргызстандыкка жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерине ишендиришти

Бишкекте жөө жүргүнчүнү машинасы менен коюп кеткен АКШ элчилигинин кызматкери окуя болгон жерди таштап кетип калган эмес. Бул тууралу Vesti.kg сайтына америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат катчылыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, ЖТКнын күбөсү жол жээгине автомашинасын токтотуп коюп, окуя болгон жерде укук коргоочуларга кызматташтык көрсөткөн.

- Элчиликтин өкүлдөрү Кыргызстандын бийликтери менен тыгыз кызматташтыкта жаш жигит менен көйгөйдү чечүү жана анын жыргалчылыгын камсыздоо максатында байланышышты, - деп комментарийлешти алар.

Эске салсак, бүгүн социалдык түйүндөрдө АКШ элчилигинин кызматкери жөө жүргүнчүнү коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен дегендей маалымат тараган.

Андан дагы, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ооруканадагы жигиттен кабар дагы алышкан эмес деп кабарлашкан.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх