Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматова: Жээнбековго Матраимов туурасындагы абал боюнча өз пикирин айтууга туура келет 

«Сооронбай Жээнбеков жеке мага керек» 

Сооронбай Жээнбеков Матраимовдордун мүлкү тууралу өз пикирин билдирүүгө тийиш. Бул жөнүндө  Vesti.kg сайтына мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова билдирди..

- Жээнбеков, Атамбаевден айырмаланып, өзүнүн эксцентрисстик билдирүүлөрү менен айырмалана албай жатат, - деп белгиледи Айтматова. - Убакыт келди, анын элге керек маалы, жана мага да керек маалы. Президент болгон окуялар тууралу эмне деп ойлойт, мага кызыктуу. Бизге анын пикирин угуу керек. Жөнөкөй эл үчүн болуп жаткан окуяларга интерпретация керек.

Анын айткандары боюнча, Жээнбеков башка жарандар сыяктуу эле, ЭККМКтын Матраимовдордун акчаларын чет өлкөгө которулушу тууралу текшерүүнүн жыйынытыктары жөнүндө күтүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыктарынын созулуп жаткандыгы  Ширин Чынгызовнага «шектүү» болуп көрүнүп жатат.

Эске салсак, «Азаттык» агентствосунун журналистери мурдараак Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралу иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө жарыялашкан. 

Аны менен бирге, социалдык түйүндү колдонуучулар ЖМКна иликтөөлөрдүн өзөгүн түзгөн документтер менен маалыматтарды ким «куюшу»  мүмкүн деген суроолорду беришет. Эң популярдуу версиялар катары эки вариант сунушталууда: Алмазбек Атамбаевдин өчү же Сооронбай Жээнбековдун командасы коомчулуктун сынынан четте туруу үчүн документтер менен бөлүшкөн. 

Эльдос Казыбеков

 Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх