Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман Түлеевди Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча суракка чакырышты  

Мурдараак Бишкектин мурдагы мэри президенттик шайлоо учурунда мурдагы мамлекет башчысына акча бергендиги тууралу билдирген

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу жөнүндөгү иш боюнча Башкы прокуратурага суракка чакырышты. Бул тууралу  Twitter социалдык түйүнүнөн анын кызы Назгүл Түлеева кабарлады. 

«Атамбаевдин иши боюнча суракка чакыра башташты, бүгүн болсо атам чакырылган» - деп жазды ал.  

Эске салсак, Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу тууралу иштин материалдарын Жогорку Кеңеш ушул жылдын 20-июнунда Башкы прокуратурага өткөрүп берген. 

Назгүл Түлеева атайын парламенттик комиссиянын ишинин жүрүшүндө Нариман Түлеевдин катын окуп берген, анда саясий репрессиялар жана президенттик шайлоо убагында Атамбаевге акча берип тургандыгы айтылган болчу.  

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх