Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Акнеттин» башчысы: Массалык кызматтан бошотуулар болгон жок, кечээ күнү биз жумушка 85ке жакын адамдарды алдык

Нурбек Абасканов компаниядан субподряддык уюмга кирген кызматкерлер жумуштан кеткендигин түшүндүрдү. Аларга айлык акы төлөнгөн эмес 

Социалдык түйүндөрдө «Акнет» компаниясынын кызматкерлерин массалык түрдө иштен кетирип жатышат деген маалымат пайда болгон. Такталбаган маалыматтарга караганда, сөз жумуштан бошогон 60 кызматкер жөнүндө болгон. 

Ал арада «Акнеттин» генералдык директору Нурбек Абаскановго, абалды Vesti.kg сайтына комментарийлеп бериңиз дегенибизде, ал кечээ күнү 24-июнда компания 85 адамды жумушка кабыл алганын кабарлады. Анын айткандары боюнча, кызматтан кетирүү субподряддык уюмдун кадрларына  тиешелүү болгон.

- Массалык жумуштан кетирүү такталбаган маалымат болуп эсептелет, - деп ишендирди Абасканов. - Кечээ күнү 85 адамды кызматка алдык. А жумуштан кеткендер  «Акнетти» мурда тейлеп келген субподряддык уюмга тиешелүү. Аларга айлык акы төлөбөгөндүктөн, алар өздөрү жумуштан чыгып кетишкен.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх