Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге расмий күнөөлөрдү койду 

Мурдагы президент коррупция боюнча соттолушу мүмкүн. Бардыгы болуп кылмышка шектелген беш эпизод  табылды 

Бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук - укуктук маселелер жана регламент боюнча парламенттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикити алып салуу үчүн Жогорку Кеңештин кайрылуусу боюнча Башкы прокуратуранын корутундусун карайт.

Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштын шеги болгон алты фактынын ичинен, башкы көзөмөл органы беш фактыга корутунду берди. Мурдагы президент тарабынан саясий куугунтуктоолор боюнча күнөө тагуу, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун сөзү боюнча тастыкталган жок.  

Жыйынтыгында, мурдагы мамлекет башчысынын Кой-Таштагы жер тилкесин өзүнүн ыйгарымдуу адамдары менен биргеликтеги аракетте мыйзамсыз сатып алган деп шек саналууда. 

 - Аталган билдирүү тергөө тарабынан изилденип жатат, - деди Жамшитов. - Ыйгарымдуу адамдары участокту сатып алууга кол кабыш кылышкан. Бул КР КК 317-беренеси боюнча кылмыштын белгилери болуп эсептелет. Бул оор кылмыштар категориясына кирет. 

Ошону менен бирге башкы прокурор, мурдагы вице - премьер - министр Шамил Атаханов Алмазбек Атамбаевдин жеке тапшырмасы боюнча Азиз Батукаевди бошотуу менен иштеген деп билдирди.  

-  Атамбаевдин дарегине коюлган бул айыптоолордо 319-берене боюнча ("Коррупция") кылмыштын белгилери бар, - деп түшүндүрдү ал. - Андан тышкары  кирешелерди ачыктоо, кылмыштуу топту түзүү жана мамлекетке зыян келтирүү сыяктуу айыптарды коюу үчүн жетиштүү далилдер топтолгон. Аларды тактап, ачыктап  айтып берүүгө жатпайт. 319-беренеге ылайык, оор кылмыштар жана коррупцияялык аракеттер боюнча айыптоолор коюлган. 

Жыйынтыктап жатып, Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо темасына да кайрылып кетти. 

- Атамбаевдин ЖЭБди модернизациялоого байланышы бар экендигин ал өзү айткан, - деп эске салды башкы прокурор. - Аталган факт КЖБРине катталган. Азыр сотко чейинки иш - чаралар жүргүзүлүп жатат. 

Коррупциянын белгилери Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу фактыларында да табылды. 

Ал арада Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мурдагы президенттин ага жарым миллиондой доллар акча карыз экендиги тууралу билдирүүсүн, Башкы прокуратура караган жок. 

Башкы прокуратуранын корутундусу Жогорку Кеңештин палатасына кароого жөнөтүлдү. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх