Бишкек шаардык соту Адамкул Жунусовду камакта калтырды
Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордон Кыргызстандын мурдагы башкы бажычысы аларга жардам сурап кайрылбагандыгы тууралу кабарлашты
Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду камакта калтырды. Бул тууралу Vesti.kg сайтына БШСунун маалымат кызматынан кабарлашты.
- Мурдараак Октябрь райондук соту Жунусовду соттук териштирүүлөр бүткөнчө камакта калсын деп токтом чыгарган, бирок анын жактоочулары тыюу салуу чарасына даттанышкан, - деп түшүндүрүштү ал жактан. - Шаардык сот баш калкалоо чарасын өзгөртпөстөн калтырды.
Ошол эле убакта Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов анын кызматкерлери Жунусовдон кабар алышпаганын Vesti.kg сайтына кабарлады.
- Ал өзү же анын туугандары биздин борборго кайрылышкан жок, алар тарабынан арыздануулар болгон жок, - деди ал.
Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты МБКнын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун кылмыш иши боюнча соттук процесс май айында болгондугун билдиришкен. Анда иш токтотулуп, материалдар соттук экспертизага жөнөтүлгөн.
МБКнын мурдагы төрагасы 2018-жылдын август айында издөөгө алынган. Ага байланыштуу КР КК «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. ЭКККМКнан Жунусов, МБКнын төрагасы болуп туруп, «А.» ЖЧКнун өкүлдөрү жана бажыдагы кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланыш уюштурган» деп билдиришти. Андан 167 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып чыккандан кийин, АКШда бекинип жүргөн. 5 - декабрда ал Бакуга учуп келген. МБКнын мурдагы төрагасын Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон кармашкан.
Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматын 2013-жылдан 2016-жылга чейин башкарган.
Вероника Малышева
Фото www