Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палатадан Атамбаевден кол тийбестикти алып салууну мыйзамсыз деп табууну талап кылышууда

КСДПнын юристи комиссияны түзүп жатканда депутаттар мыйзамды бузушкан деп ишенет 

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Карамат Орозова, Асел Кодуранова, ошондой эле, юрист Нурбек Касымбеков мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык атайын комиссия мыйзамсыз түзүлгөн дешип, Конституциялык палатага арыз менен кайрылышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Нурбек Касымбеков кабарлады. 

- Биз буга чейин да айтканбыз, депутаттар мыйзамдын артка күчүн колдонууга аракеттенишүүдө, - деп түшүндүрдү ал. - «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаев иммунитетке ээ, бул деген, анын кол тийбестигин алып салуу Конституцияга каршы келет дегендик. Иммунитетти алып салуу тууралу Жогорку Кеңеш кабыл алган норма жаңы шайланган президентке тиешелүү. 

Ал арада Касымбеков Конституциялык палатада аталган арызды кароого дагы бир ай бар деп кошумчалады. 

 

Вероника Малышева

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх