Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев: Башкы прокуратура Атамбаевге байланышкан маселени керек болсо, 3 саатта караса деле болмок 

Депутат парламенттин дарегине айтылган сындар менен макул эмес, жана мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу саясий буюртма эмес деп ишендирет

Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу маселесин Жогорку Кеңеш эртең карайт. Бул тууралу журналистерге депутат Канатбек Исаев кабарлады. 

Аны менен бирге парламентарий аталган маселенин саясий буюртма эмес экендигин баса белгиледи. 

- Кийинки маалда Жогорку Кеңештин депутаттарынын дарегине «Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге аны статусунан ажыратуу үчүн тагылган айыптоолор жөнүндөгү» токтомдун долбоору өтө кыска убакытта кабыл алынгандыгы тууралу өтө көп сындар келип түшүүдө, - деп айтты Исаев. - Кээ бир саясатчылар эл өкүлдөрү саясий буюртманы аткарышты, ошондуктан шашылыш комиссия түзө коюшуп, долбоорду кабыл алышты дешет. Бирок, ал андай эмес - парламенттин бардык жасаган иштери мыйзам алкагында жасалган. Ал эми башкы прокуратуранын бул маселени үч күн ичинде карагандыгы, чын - чынына келсе, алар бул ишти керек болсо үч саатта карашса деле жарашмак.  

Андан тышкары, эл өкүлү Атамбаевдин үйүнүн жанында «Мыйзамсыздыкка каршы» элдик штабдын түзүлгөндүгүн да комментарийлеп берди.

- Эгерде ал чындыгында күнөөсү болбогондо, партиянын төрагалык кызматынан  кетмек эмес, - деп көрсөттү Исаев. - Тескерисинче, айтмак: «Кол тийбестиктен ажыратсаңар ажыраткыла, бирок, мен силерге өзүмдүн күнөөлүү эмес экендигимди сотто далилдеп беремин» деп. А биз учурда башкача ишараттарды көрүүдөбүз. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

  




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх