Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаевдин тарапташтары көчмөндөрдүн мыйзамы менен жашашат - алар аны коргоону каалашат» 

Эксперт мурдагы президент өзүнүн үйүндө коргонууга даярданып жатат деп божомолдойт

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын анын үйүнүн жанына топтолушу, анын азыркы бийликтин колуна өзүмдү  бербеймин деген ниетте экендигин билдирет. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү. 

- Мурдагы президент ушунусу менен өз дарегине коюлган айыптоолорду тааныбастыгын ачык түшүндүрүп жатат, - деди ал. - Эми ал адамдарды аймактык принцип боюнча колдонот, мурда болсо ал «Кокон хандыгы», «Карасуу базары» ж.б.у.с. билдирүүлөрдү колдонуп келген. 

Марс Осмонкулович бийлик азыр  «рим укуктарынын» принциптерин карманып турат жана бардыгын мыйзамдын алкагында жасаганга аракеттерди көрүүдө.  

- Бирок Атамбаевдин тарапташтары башка дүйнөдө жашап жатышкандай жана көчмөндөрдүн кодексине таянышууда, - деп эсептейт ал. - Элдердин түшүнүгү боюнча, Атамбаев өзүнүн мураскерин калтырса, ал аны сатып кетти - демек, мурдагы президентти коргоо керек деп ойлошот. А Алмазбек Шаршеновичтин өзү болсо, жердештерине азыркы бийлик легитимсиз экендигин көрсөтүп жатат, анан көпчүлүк ойлошот, аныкы чын дешип. Тилекке каршы, окуянын мындай өнүгүшү кагылышуулар менен кан төгүүлөргө алып келиши мүмкүн. Андан да бийликке мурдагы президентти кармоо үчүн күч органдарын бул ишке тартуусуна туура келет.  

Сариевдин пикири боюнча, ушул абалда бийликке интеллигенциянын жүзүндө моралдык камертон керектелет. 

- Сыйлуу адамдарды чогултуп жана азыркы абалды укуктук негизде чечиши керек, - деп ойлойт ал. - Болбосо ушундай ботко чалынат, андан биздин мамлекет гана кыйын абалда калат.

Ошол эле учурда башка саясат таануучу Токтогул Какчекеев мурдагы президенттин өз үйүнүн жанында элдерди атайын топтогусу келген эмес - тарапташтары өздөрү ушундай демилге менен чыгышкан деген ойдо.

- Аны эл шайлаган да, жана КСДП бийликке келди, себеби, жөнөкөй жарандардын колдоосуна ээ болгон, - деди ал Vesti.kg сайтына. - эгер биз укуктук мамлекет болууну кааласак, анда Жогорку Кеңеш чечкен сыяктуу эмес, мыйзам чегинде аракеттенүүбүз зарыл. Эл бардыгын көрүп жана түшүнүп турат. Президентте өтө жаман кеңешчилери бар, эгер ушуларды алар сунушташкан болсо, ошондой болсун. 

Токтогул Какчекеевич бардыгыбыз ката кетирүүгө акылуубуз, анын ичинде президент дагы, - деп кошумчалады. 

- Аны пара алган деп айтышат, бирок далилдер жок да, - деди ал ишенимдүү. - Ким анын колунда акча кармап турганын көрдү? Андан дагы мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамда, эгер чиновник мыйзамга каршы тапшырма алса, ал аны аткаруудан баш тартышы керек. Эмнеге бирөө да аны жасаган жок? А эмне үчүн башкы прокурор Атамбаевге келип, айыптоолор фактысы боюнча суроолорду берген эмес. Бардык маселелерди столдун үстүндө олтуруп алып чечсе болот эле. 

 Саясатчы мурдагы президенттин анда куралы бардыгы жана ал коргонууга даяр экендигин айтканын эске салды.

- Бирок, ошол эле учурда сөз анын бийликтен коргонушу тууралу болбогон чыгар,  -деди Какчекеев ишенимдүү. - Менин оюмча Алмазбек Атамбаев жөн эле элдин канын төккөнгө барбайт. Бирок өзү өлүмгө барышы мүмкүн.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты бүгүн Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында  «мыйзамсыздыкка каршы элдик штаб» иштеп баштагандыгын билдирген. Ата -мекендик ЖМКлар билдиргендей, мурдагы президенттин үйүнүн эл чогулуп жатат. 

Мурдараак Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге расмий күнөө койгон. Алардын жасаган кылмышка шектүү делген алты фактыдан башкы көзөмөл органы бешөөнө корутунду берген.

Алардын ичинде: Кой - Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкек  ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана ага көмүр жеткирүү, ошондой эле кирешелерди легализациялоо, кылмыш тобун түзүү жана мамлекетке зыян келтирүү. 

Мурдагы президент тарабынан саясий куугунтуктоолор жөнүндөгү айыптоолор Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айткандары боюнча далилденген жок.

Шаардын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин Атамбаев ага жарым миллион доллар карыз экендиги жөнүндөгү билдирүүсүн  Башкы прокуратура караган эмес. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх