Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгер Урмат Самаев Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасынын орун басары болуп калса, анда Камчы Көлбаевди УКМКнин башчысы кылып дайындаса болот» 

Канатбек Исаевдин сунушу провокация жана укук коргоо органдарына карата түкүрүк деп аташты 

Канатбек Исаевдин өзүнүн кесиптеши Урматбек Самаевди укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы парламенттик комитетинин төрагасынын орун басары кылып дайындоо жөнүндөгү сунушу - укук коргоо органдары тарапка провокация жана түкүрүк. Ушундай пикири менен Коопсуздук Кеңешинин антикоррупциялык саясат боюнча Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына бөлүштү. 

 - Фактылар боюнча, Урматбек Самаев соттолгон эмес жана кылмыштуу топтор менен эч кандай байланышы жок, ошондуктан ал депутат болгонго, керек болсо, кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитетти жетектесе да болот,  - деп белгиледи ал. - Юридикалык жактан алып караганда эч нерсе дей албайсың. Бирок, ошол эле учурда логика жана жүйөөлү маани деген түшүнүктөр бар. Бүт Кыргызстанга Токмоктогу криминалдык териштирүүлөрдө Самаевдин аты коштолуп жүргөндүгү белгилүү. Мен күч органдарындагылар менен сүйлөштүм - алар ачууланып жатышты жана алардын  укук коргоо системасын тепсеп жана кемсинтип жаткандыктары үчүн аларга түкүрүштү. 

Кайрат Медербекович, Урматбек Самаев «Чемпион» аттуу лакап ат менен белгилүү экенин, эгер ал Кыргызстанда спортту өнүктүрүү менен алектенсе андан дагы жакшы боло тургандыгын айтты. 

- Канатбек Исаев өзүнүн жердешин өз кызыкчылыктары үчүн сүрөп жаткандай элес пайда болот экен, - деп божомолдоду ал. - Келгиле анда, өзүбүздү «кара мамлекет» деп жарыя кылалык жана Эркин Мамбеталиевди Ички иштер министри кылып дайындайлык, ал эми Камчы Көлбаев УКМКнын башчысы болсун. 

Өз кезегинде депутат Ирина Карамушкина да Урматбек Самаевдин профилдик комитеттин жетекчисинин орун басарлыгына талапкерлигин сынга алды.

- Криминалдык маалыматтарда анын аты чыгып жүргөн, эми болсо, ал укуктук тартип боюнча комитетти жетектесе болот, -деп жактырбагандай айтты эл өкүлү Vesti.kg сайты менен болгон сүйлөшүүдө. - Бул иштин болуп жаткандыгынын себеби, бийликтин бардык эшалонунда кландык башкаруу байкалат. Самаев өзү бул кызматтан баш тартса болот эле. А Исаев болсо өз жердешин бул кызматка түртүп жатат. Парламент мындай процесстерге каршы турушу керек.  Тилекке каршы, андай болбой жатат. 

Түшүндүрүп кетсек, депутат Канатбек Исаев укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитеттин жетекчисинин орун басарлыгына Урматбек Самаевдин талапкерлигин сунуштаган.  

Эске салсак, мурдараак Самаевдин аты Токмоктогу чек ара пунктунда контрабандиттердин ортосундагы атышуудан кийин жаңылыктар түрмөгүндө айтылган. 

Жабыркагандардын бири,  «Чемпион» деген кличкасы менен белгилүү болгон Самаевдин тобу менен териштирүү болгондугун айткан.

Парламентарий болсо, чуунун катышуучуларынын бири анын алыскы тууганы экендигин түшүндүргөн. 

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх