Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимов депутаттарга контрабанданын талкуулоону октябрга чейин жылдырып турууну сунуштады 

«Ал убакка чейин же эшек өлөт, же шах өлөт»

ЖК депутаты Искендер Матраимов ЕАЭК ичиндеги контрабанданы талкуулоону  «чиновниктер даярданып жетишүүсү үчүн» октябрга жылдырууну сунуштады. 

Алдыңкы күнү экономикалык жана социалдык саясат жана укуктук тартип, кылмышка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитеттердин биргелешкен жыйынында депутаттар ЕАЭК алкагында контрабандалык жол менен үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып жаткан, эсепке алынбаган товарлар тууралу өкмөттүн маалыматын угушту.

Эл өкүлдөрү чакырылган өкмөттүн жетекчилерине суроолорду бере баштаганда, Искендер Матраимов бул маселени талкуулоону күзгө калтыруу демилгесин көтөрдү. Ал депутаттарды чиновниктерге суроолорун жазуу түрүндө жөнөтүп, ал эми тийиштүү органдардын жетекчилерине - жакшы даярданыш керектигин сунуштады. 

Экономикалык саясат боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы Салайдин Айдаров бул сунушту колдоду, калгандарында болсо каршылык болгон жок. 

УКМКнын экономикалык коопсуздук башкармалыгынын мурдагы башчысы Максат Мамытканов азыр чиновниктерде парламентарийлердин суроолоруна эч жообу жок, ошондуктан маселе кийинкиге жылдырылып жатат деп боолголоду. Же болбосо, эл өкүлдөрү берген суроолор алардын даярдап келген суроолору менен төп келбей калган. 

- Ошондуктан Матраимов суроолорду жазуу жүзүндө жөнөткүлө дейт, бажыдагы чиновниктер шпаргалка боюнча даярданып алышы үчүн, - деп өз пикирин Vesti.kg сайтына айтып берди. - Күзгө чейин даярданышат жана жооп беришет.

Эксперт контрабанданын көйгөйлөрүн карап жатканда, сөзсүз Бажы кызматына суроолор  пайда болот деп эсептейт. Мүмкүн, анын иниси Райымбек Матраимовдун МБКнын төрага орун басары кызматы учурундагы иштерине да сууроолор болот деп эске салды.  

- Эгер көйгөйлөр туурасында сөз жүрсө, анда бардыгынан сурашы мүмкүн, -деди Мамытканов. А эгерде бажы жана башка органдар бул суроолорго жооп бергенге даяр эмес болушса… Ойлонуп көрсөк, депутатта да териштирүүнү күзгө калтыруу максаты бар. Ал эми күзгө чейин же эшек өлөт, же шах өлөт.   

«Азаттык» радиосу Баткендеги кыргыз - кытай базарына ээлик кылган «Абдыраз» фирмасы аркылуу Кыргызстандан 700 миллион доллар жана алтынды чыгарып кетүү тууралу журналист Али Токтакуновдун иликтөөлөрүн жарыялаган. Айэркин Саимаити аттуу жөнөтүүчүлөрдүн бири Түркиядан кийинчерээк Матраимовдордун «Исмаил Ата» фондуна 2 млн 338 миң 700 доллар которгон.

Акчанын калган бөлүгүн «Тарим Транс» жүк ташуу боюнча компаниянын негиздөөчүсү - Xinjiang Abu-Sahiy import and export trade кытай компаниясынын эсебине которушкан. А Матраимовдордун үй-бүлөсү  болсо, «Тарим Транс» компаниясын калкалап келет. 2019-жылдын февралында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖМКында жарыяланган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Кечээ жакында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын башчысы Бакир Таиров иликтөөлөрдүн жыйынтыгы бир жумада аяктарын жана чет өлкөдө Матраимовдордун эч кандай байлыгын таппагандыгын белгилеген.

Ошол эле учурда, 2018-жылдын апрель айында Искендер Матраимов «Ой-Пикирге» берген интервьюсунда анын инисинин негизиги бизнеси чет өлкөдө топтолгонун айткан. 

«Биз бутубузга токсонунчу жылдары эле турганбыз, - деген ал. - Азыркы учурда чет өлкөдө компаниябыз бар. Ал жакта жакшы долбоорлор менен иштеп жатабыз. Булар -  биздин башкы бизнес».

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх