Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин особнягына матрастарды алып келишти (фото) 

КСДПнын өкүлүнүн айткандары боюнча азыр элдик штабда 700гө жакын адамдар чогулду 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө матрастарды алып келишти. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын  Vesti.kg сайтына айтканына караганда, матрастарды Атамбаевдин тарапташтары үчүн алып келишкен. 

- Элдик штабка келген адамдар бул жерде күнү - түнү болобуз дешүүдө, - деп кабарлады ал. - Ошондуктан матрастарды алып келдик. Азыркы учурда бул жерде Алмазбек Шаршеновичтин 700дөн ашык тарапташтары бар.

Эске салсак, мурдагы президенттин үйүнүн жанына боз үйлөр тигилген. Особняктын жанына анын тарапташтары чогулууда. Андан тышкары, бүгүн ал жерге таштарды төгүшүп, бетон плиталарды коюшту. 

Муну мурдараак КСДПдан фундаментти куюу үчүн курулуш материалдарын алып келишкен деп түшүндүрүшкөн.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх