Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев: Владимир Путин Батукаев маселесинде өз сөзүн айтат деп үмүт кылам

Мурдагы президент Шамил Атаханов менен Осмонбек Артыкбаевди уятсыздар деп жекирди 

Кыргызстандын мурдагы президенти мамлекеттеги азыркы абал жана ага коюлган айыптоолор тууралу өз билдирүүсүн таркатты.

«Силер көрүп жатасыңар, Сооронбай Жээнбековдун каалоосуна байланыштуу мамлекеттин мурдагы президентинин жүзүндө саясий оппонентин жок кылууда Жогорку Кеңеште эмнелер болуп жаткандыгын. Бул максатка жетүү үчүн мамлекеттик органдардын бүт ресурсу колдонулууда. Эң кирдеген коррупциялык мурдагы иштери менен эң кирдеген саясатчылар аракетке киргизилген жана эң адеп-ахлаксыз маалыматтык технологиялар колдонулууда. 

Мурдараак, мен бул спектаклге катышпаймын деп билдиргенмин. Жоопкерчиликтен коркпоймун. Бирок, тарыхтын алдында Жээнбековдор жасап жаткан мыйзамсыздыкты ачыкка чыгарбай койгонго акым жок. Эч качан кылмыш иши ушактардан жана кир фантазиялардан курулат деп ойлобопмун. Анан дагы башкы прокурор бир күндүн ичинде бардык ушул сандырактыктарды кызмат көрсөтүү менен мыйзамдаштырганын. Бул биринчиден.  Экинчиден, мени эч ким парламентке чакырган жок. Чындыктан коркушат. Өздөрүнүн бардык кир иштерин булар ушинтип, жең ичинен, коркоктук жана карасанатайлык жасаганга көнүшкөн. Ошол эле коркоктук жана карасанатайлык менен Кубан Кулматовду жана Сапар Исаковду бажыда болуп жаткан өзүм билемдикти ачышканда камакка алышкан. 

Мага коюлган айыптоолордун маңызына байланыштуу дагы кайталаймын: Толук сандырактык жана абсурд. Ошол эле менин бизнес - өнөктөшүм катары прокуратуранын көрсөткүсү келген Субихи Пархатини алалы. Ал деген менин мурдагы компанияларымдын бирин АКАинвестин башчысы Хабибулла  Абдыкадырдын сунушу менен сатып алган жана аны менен мени 2017-жылдын күзүндө Сооронбай Жээнбеков тааныштырган. Президенттик шайлоолор кызып турган маалы эле. Жээнбеков аны кытайдын белгилүү бизнесмени катары тааныштырган. Ошондуктан, Кыргызстандын аймагындагы бизнес долбоорлорду ушул компаниянын катышуусу менен  АКАинвест аркылуу аффилирлөөнү, алынган лицензиялар жана Матраимовдор менен өз ара мамилелер жөнүндө Сооронбай Жээнбековдон сураш керек. 

Ачык эле көрүнүп турат, Артыкбаев менен Атахановдун көрсөтмөлөрү басым менен алынган. Бул деген тергөө менен келишкендик эмес, а өз уяты менен келишкендик, менимче, аларда мындай нерсе жок. 

Бир убак Батукаевдин иши боюнча да баары ачыкка чыгат, бир кезде Батукаевдин өзү да эркекче, анын өлүмгө тете оорусу жөнүндөгү афераны ким уюштурганын жана бошотулгандыгы үчүн ким канча акча алгандыгын, бардык чындыкты айтып берет деп ишенемин. 

Мен, бул маселе тууралу Россия Федерациясынын президенти, урматтуу В.В.Путин дагы, ага бир канча жолу, оозеки да, жазуу түрүндө да Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоо  тууралу кайрылганым тууралу айтат деп умүттөнөм. Мен президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайрадан Кыргызстанга кайтарылат деген үмүткө жетелендим. Бүгүн бул тууралу кыргыз бийлиги эч унчугушпайт. 

Бардыгын, эмне гана жасабайын, мен Кыргызстан үчүн жасадым. Бардык күчүмдү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн бурдум, биздин жаш мамлекеттин көз карандысыздыгын бекемдөө жана элдин жыргалчылыгын көтөрүүгө жумшадым. 

Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыздыктын жана укуктук баш аламандыктын маховигин ишке киргизди. Көрүнүп турат, ошол маховик көтөргөн толкун Жээнбековдун өзүн дагы, түрү суук үй-бүлөлүк кландык режимин дагы алып түшөт. Мамлекеттик системаны башкаруудагы параличтин өнүндө экономикадагы  жана социалдык чөйрөдөгү көзгө көрүнгөн көңүл жылытарлык жылыштардын толук жоктугу кайталангыс мүнөзгө ээ болду», - деп билдирди Кыргызстандын мурдагы президенти. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх