Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМК «Азаттыктан» Матраимов боюнча бардык документтерди тергөөгө берүүнү суранат

Журналист Али Токтакунов «Финполицияга» өз иликтөөлөрүнүн кээ бир документтерин гана берген 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финполиция) «Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакуновго анын иликтөөлөрүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылып кеткен акча каражаттары тууралу банк документтерин тергөөгө берүү жөнүндө ачык кат менен кайрылды. 

«Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миң АКШ доллары жөнүндөгү» жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды изилдөө боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн жүрүшүндө, ошондой эле иштин абалыны объективдүү изилдөө максатында жана жарыяда айтылган фактыларга МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимовдун катыштыгын тактоодо «Азаттык Медиадан» жана түздөн -түз кабарчы Али Токтакуновдон банк документтерин алуу өндүрүшү боюнча Биринчи Май райондук сотунун уруксаты тергөө тарабынан алынган, - деп айтылат ЭКККМК билдирүүсүндө. 

Алып коюу өндүрүшү боюнча соттун чечимин ЭКККМКнын кызматкерлери «Азаттык Медиа» мекемесинин өкүлчүлүгүнө 13-июнь күнү тапшырышкан, андан кийин, 18-июнь күнү ЭКККМКнын тергөө бөлүмүнө айтылган материалдардын бөлүгү гана, атап айтсак  - 4 миллион долларлык 8 төлөм документтери өткөрүлүп берилген. 

Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан журналист А.Токтакуновдон түрдүү абалдарга байланыштыруу менен берүүдө көрсөтүлгөн керектүү материалдар алынган эмес. 

«Видеосюжетте көрсөтүлгөн негизги документтер, 200 миллиондон ашык АКШ долларынын чыгарылып кеткендиги тууралу банк төлөмдөрүнүн түп нускалары азыркыга чейин тергөөгө бериле элек, ошондуктан, аталган факт  көрсөтүлгөн абалды изилдөөдө жана чечим кабыл алууга белгилүү тоскоолдуктарды жаратууда. ЭКККМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй Али Токтакуновдон өз милдеттенмелерин аткарууну жана тергөөгө жардам берүүнү суранат», - деп түшүндүрөт. 

Ошондой эле, кызмат тарабынан керек болгон тергөө аркеттери менен биргеликте чоң көлөмдөгү документтер анализденип жаткандыгын жана алар тууралу жакынкы убакта алдын ала жыйынтык чыгарылат.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх