Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевге түрмөгө тамак ташып турууга убада берди 

«Ишениңиздер, темир тордун артындагы жашоо - сыртта кандай болсо, ошондой эле» 

 

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мүмкүн камалышы тууралу пикири менен бөлүштү. 

«Коомчулук жана ЖМКнын бардык көңүлү өнүгүп бара жаткан окуяларга кадалган, Атамбаевдин өзү болсо куугунтуктоолор жөнүндө кыйкыруу менен билдирип, мыйзамдан тышкары иштерге, демек, тартип бузууларга жана толкундоолорго  бара тургандыгын билдирүүдө, - деп жазган мурдагы шаар башчысы өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына. (ушул жерде жана мындан ары орфография менен пунктуация сакталган - ред. эск.) - Ага эскертип жатканым, мурда, ал президент учурунда ушундай абалда өзүнүн узун сөздөрүн чоюп, анын оппоненттери элдин артына, аялдардын юбкасына жашынат дечү эле. Укуктук талаадан чыгып кетишти жана мыйзам алкагында мыйзам боюнча жооп бериши керек деп айтчу. Мындайлар бир эле жолу болгон эмес».

Түлеев өзү жана анын тарапташтары эң башынан эле укуктук талаада аракет кылуу тактикасын тандагандыктарын белгилеп өттү. 

«Качан мени үй-бүлөмдүн арасында кармап кетүүгө аракет кылышканда, албетте, алар башында эмоцияларга алдырышты, бирок, эртеси эле мен өз каалоом менен тергөө органдарына келдим жана камакка алындым, -деп эске салды ал. - Биз бардык убакта мыйзам чегинде маселени чечүүгө аракет жасадык, бирок биздин укуктар кыянаттык менен бузулуп жатты. Ошол эле учурда, менин жердештеримдин Нарын - Торугарт жолун бууп салабыз дешип бир канча жолу кайрылгандарына жана масштабдуу митинг уюштурабыз дегендерине карабастан, тынччылыкты бузганга өзүмө уруксат бербедим, өлкөбүздүн эл аралык сыпатына жана имиджине көө сүрткүм келген эмес, туристик мезгилде он миңдеген үй-бүлөлөрдү алардын бир маалда ала турган кирешесинен ажыраткым келген жок жана инвесторлорду коркутууга барбадым. Менин жана менин үй - бүлөмдүн  кызыкчылыктарын Конституциянын гаранты болгон мыйзам жана президент коргошу керек эле. Ал аны жасабады, а мен болсо чалды - куйду нерселерди уюштурганым жок».

Нариман Ташболотович өз жарыясында жеке Атамбаевдин өзүнө кайрылды жана өз сүйлөгөн сөздөрүнө ылайык аракеттерди жасашын сунуштады. 

«Провокация жасоого умтулбастан, элдердин артына жашынбастан, аларга үй-үйлөрүнө тараганга үндөп кайрылыңыз, - деп жазды ал. - Азыркы укук коргоо жана соттук органдарды Сиз түзгөнсүз. Андан дагы, Сиздин камакка алынышыңыз тууралу эч жерде сөз дагы боло элек, а сиз болсо, Сиздин артыңыздан келгендей эле коркуп жатасыз.

Ишенип коюуңуз, темир тор артында да тышта жүргөндөй эле жашоо бар, оппоненттериңизди камакка алдырып жатып Сиз айтчу элеңиз «Бир аз олтурат да, кайра чыгат» деп. Эгер ошого чейин жетсе, эл Сизди эстеринен чыгарбайт жана көңүлдөрү кенен адамдар Сизди таштап койбойт, мен дагы Сизге мыйзам чегинде колдоо көрсөтүүгө даярмын. Азык - түлүк жана күндөлүк керектелчү предметтерди алып барганга укугум бар. Жана аны жаса... 

Эгер Сизге сот акыйкатсыздык жасаса, Сизди коргоо үчүн мен өзүм митингге чыгууга даярмын, бирок, иш ага чейин жеткен жок. Ошондуктан, эл арасына дүрбөлөң түшүрбөңүз, өлкөнү уятка калтырбаңыз. Сый - урмат менен мыйзам чегинде күрөшүңүз, тынч жаткан көлдөгү кайыкты чайкабаңыз. Өзүңүздүн амбицияларыңызды элдин кызыкчылыгынан жогору баалабаңыз жана ошондо, жыйынтыгында Сиздин уятыңыз тынчтанат».

Эске салсак, мурдараак  Vesti.kg сайты Башкы прокуратура корутунду чыгарып, анда башкы көзөмөл органы мурдагы президенттин аракеттеринде коррупциялык кылмыштардын белгилери бар деген билдирүүсүн берген. Алмазбек Атамбаевден  кол тийбестикти алып салуу маселесин жогорку Кеңеш эртең карайт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх