Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Путин - адам өлтүргүч!». Бишкектик активистер улуттар аралык кастыкты козгошкон эмес деп эксперттер чечим чыгарышты

Нурлан Карымшаков жана анын аялы Гульзана Имаевалар, Россия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда пикет уюштургандыгы үчүн шаардан уруксатсыз чыкпоо тууралу жазуу менен калууда

Россиялык эксперттер, активистер Нурлан Карымшаков жана анын аялы Гульзана Имаеваларды, Бишкектеги РФ элчилигинин алдында пикет уюштурганда улуттар аралык кастыкты козгошкон эмес деген корутунду чыгарышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына  ал үй-бүлөнүн жактоочусу Замир Жоошев кабарлады. 

Анын айткандары боюнча, азыркы учурда үчүнчү экспертизанын жыйынытыктары күтүлүп жатат. 

- Биринчи экспертизадан кийин аларга улуттар аралык кастыкты козгогон деген айып тагылган, -деп эске салды жактоочу. - Мен экинчи жолу экспертиза жүргүзүлсүн деп өтүнгөнмүн, жана россиялык тажрыйбалуу психологдор, ошондой эле лингвистер материалдарды изилдеп көргөндөн кийин, алардын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козгоо болгон эмес деген жыйынтык беришти. Мен аны иштин материалдарына коштум, жана азыр үчүнчү комиссиянын  жыйынтыктары күтүлүп жатат. 

Жоошев экспертизаны дагы бир жолу өткөрүүнү тергөөчү сунуштаганын кошумчалады. 

Эске салсак, Нурлан Карымшаков  аялы менен бирге россия элчилигинин имаратынын жанында «Путин - агрессор, киши өлтүргүч, оккупант, баскынчы», «Путиндин торпедолоруна Ысык-Көлдө орун жок, бомбаларга орун жок» деген плакаттары менен пикет уюштурушкан. 

27 март күнү активисттер кармалышып, бирок, эртеси күнү шаардан чыкпашка милдеттенме алышып, сот аларды  үйүнө чыгарып жиберген. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх