Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: «Биз Атамбаевди саткан жокпуз, анткени ага берилгенбиз деп ант берген эмеспиз»

Кыргызстандын мурдагы президентин ага коюлган айыптоолорго жооп берүүгө чакырышты  

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевди сатышкан жок, себеби, ага берилгенбиз деп аны менен антташкан эмеспиз. Бул тууралу парламент жыйынында Гулшат Асылбаева билдирди. 

- Ирина Карамушкина бизди саткынчылар деп айтты, бирок биз Атамбаевди коргойбуз деп айткан эмеспиз да, - деп белгиледи эл өкүлү. - Президент өзү элге кызмат кыламын деп ант берген - ошол берген антын эстесин. 

Ошону менен бирге Асылбаева КСДП фракциясындагы өзүнүн кесиптештерине  кайрылды. 

- Менин сиздерге суранычым бар - саясий акылмандыгыңыздарды көрсөтүңүздөр жана абалды курчутпаңыздар, - деп белгиледи ал. - Эгерде президенттин дарегине айыптоолор тагылса, анда ал жооп берсин. Ошондо акыйкаттык болот. Ал айтпады беле, менде эч кандай күнөөм жок деп. Ошондуктан, күнөөсүз экендигини далилдеп берсин. 

Эске салсак, Жогорку Кеңеште мурдагы президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы башталды. Башкы прокурор Атамбаевдин аракеттеринде 5 кылмыштын белгилери бар деп өзүнүн корутундусун берди. 

Вероника Малышева

Фото www








Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх