Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевге карата ишти ким тергейт деп Жогорку Кеңештен кызыгып жатышат 

Мирлан Бакиров Өткүрбек Жамшитовго бардык фактыларды тыкандык менен текшерүүнү сунуштады 

ЖК депутаты Мирлан Бакиров башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон эгерде Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши ачыла турган болсо, тергөөнү ким жүргүзө тургандыгына кызыкты. 

Жамшитовдун айткандары боюнча кылмыш иши козголо элек, бирок бардык фактылар КЖБРине катталган. 

- Кылмыш ишин козгоо тууралу чечимди башкы прокурор кабыл алат, - деп түшүндүрдү көзөмөл органынын башчысы. - Азыркы учурга биз көрсөтмөлөрдү гана чогулттук. Эгерде кол тийбестик алына турган болсо, анда биз көзмө-көз жолуктурабыз, жана кылмыштын белгилери тастыкталса, кылмыш иши козголот. 

Ага Бакиров белгилеп кетти, коомдо абал курчуп жатат, тергөө бардыгын тыкандык менен текшерүүсү зарыл деди. 

- Сиз Кой - Ташта эмнелер болуп жаткандыгына көңүлүңүздү бурасызбы? - деп сурады эл депутаты Жамшитовдон. 

Ал болсо, азырынча арыз түшө элек, бирок, фактылар боюнча экспертизалар жүргүзүлүүдө деди. 

Эске салсак, парламентте мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу процедурасы башталды. Башкы прокурор Атамбаевдин аракеттеринде беш кылмыштын белгилери байкалып жаткандыгы тууралу өз корутундусун берген. Депутаттар көзөмөл органынын башчысына суроолорду беришүүдө. Парламентарийлер бүгүн танаписи жок иштөөгө чечим кабыл алышты. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх