Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокурор: Менде  Батукаевдин аны кантип бошоткондуктары тууралу көрсөтмөсү бар

Жогорку Кенеште Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу процедурасы башталды 

Жогорку Кенеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу маселесин талкуу процедурасы башталды.

Биринчи болуп доклад менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов чыгып сүйлөдү. Ал атайын депутаттык комиссиянын мүчөлөрү мурдагы мамлекет башчысынын жасашы мүмкүн болгон  кылмыш иштеринин тизмеси менен ага кайрылгандыгын айтты. 

- Нариман Түлеевдин билдирүүсү боюнча Атамбаевдин ага 500 миң доллар карыз экендиги туурасындагы маалымат тастыкталган жок, - деп белгиледи башкы прокурор. - Эгерде ошондой факт болгон болсо да, Атамбаев ал учурда президент эмес эле жана аталган маселе жеке тартипте каралышы керек. Журналистер менен укук коргоочуларга болгон даттануу арызы кайра чакырылып алынган. 

Атамбаев мыйзамсыз сатып алган деген жер тилкесине байланыштуу, Жамшитов бул ишти Аскер прокуратурасы карай тургандыгын белгиледи. 

- Мурдагы президенттин аракеттеринде оор кылмыштардын белгилери табылган, - деди ал. Батукаевдин иши боюнча кылмышкерди бошотууга мурдагы президенттин кийлигишкендиги такталууда. Сөзүм кургак болбошу үчүн атайын  - менде Батукаевдин көрсөтмөлөрүнүн көчүрмөсү бар, анда ал кантип бошотулгандыгын айтып берген.

Андан тышкары, башкы прокурор Атамбаевдин «Мегакомду» сатып алабыз жана "Коопсуз шаарды» ишке ашырабыз деген аффилирлешкен компаниялардын кызыкчылыктарын түртүүгө аралашкан, - деп белгиледи. 

- Бизде бул фактыларды тастыктаган жетиштүү маалыматтарыбыз бар, - деп ишендирди Жамшитов. - Өлкөбүзгө чоң зыян келтирилген. ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш иши козголгон, мурдагы президенттин буга да тиешеси болгондугу көрүнүп жатат. Ал мамлекет башчысы катары чечим кабыл алган. 

Вероника Малышева

Фото wwww

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх