Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиев жакында үйүнө чыгышы мүмкүн 

Ал арада медиктер анын сакайышында оң динамика байкалбай жаткандыгын кабарлашат 

Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМ жана ЖАМКнин мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевди жакында ооруканадан үйүнө чыгарышат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы врачынын дарылоо бөлүмү боюнча орун басары Александра Олексюк билдирди.

Анын айткандары боюнча, медиктер дагы бир консилиум өткөргөнү жатышат. Анын жыйынтыктары боюнча Рысалиев мындан ары реабилитациялык борбордо ден - соолугун калыбына келтирүүнү улантабы же жокпу билинет. 

- Келерки жумада, мүмкүн биз аны үйүнө чыгарабыз, - деди Олексюк. - Анын бул жерде калып реабилитациядан өткөрүү да каралып жатат. Балким, аны борборго жөнөтөбүз. 

Александра Яковлевна саясатчынын ден-соолугунун абалы орточо оор абалда деп кошумчалады. 

- Оңолуу динамикасы азырынча байкала элек, - деп жыйынтыктады Олексюк. 

Эске салсак,  Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча ИИМдеги сурактан кийин ооруканага жаткырылган. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх