Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев парламенттин чечими менен расмий түрдө кол тийбестигинен ажырады (фото)

Бул тарыхый чечимди бүгүн Жогорку Кеңештин 103 депутаты колдоду 

Эгер Алмазбек Атамбаев Конституцияны колуна кармап ант берген болсо, анда аны жазалайт, эгер ал Куранды бузган болсо, кудай алдында жооп берет, а эгерде ал мыйзамды бузган болсо - мыйзам алдында жооп берсин. Бул тууралу Жогорку кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу жөнүндө маселени кароонун жыйынтыгында билдирди. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик расмий түрдө алынды. 

«Макул» деп 103 депутат добуш беришти. «Каршы»  - 6 Бардык катталган депутаттардын саны -109. 

Токтомдун көчүрмөсү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жөнөтүлдү. 

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх