Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК вице -спикери Атамбаев Кыргызстанды түндүк жана түштүккө бөлүп койду деп билдирди

Аида Касымалиева келечекте «мурдагы президент» наамынан такыр эле баш тартуу керек дейт 

Депутат Аида Касымалиева мурдагы мамлекет башчыларына мурдагы президент деген наамды ыйгаруудан баш тартуу керек деп сунуш кылды. 

 - Тарыхта биринчи жолу биздин өлкөдө парламент мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселелсин карайт, - деп белгиледи ал. - Социалдык түйүндөрдүн фейк аккаунтарындан мага жазып жатышат, мен саткынчы экенмин. Бирок, мен парламентке келгенче, үч жыл маалымат катчысы болуп иштегенмин. Азыр деле мен жоопкерчиликти мойнума ала аламын, себеби, Кой-Ташта болуп жаткандардын айынан мен түнү бою уктаган жокмун. Алмазбек Атамбаев элди түндүк жана түштүккө бөлдү. 

Касымалиева башка депутаттар абалды оңдогусу келбей жатса, мен болсо балдарымдын келечеги тууралу ойлономун деп кошумчалады. 

- Түштүктүн кызы, түндүктүн келини катары Алмазбек Шаршенович, сизге кайрыламын, мыйзам боюнча жооп берүү керек, - деп жыйынтыктады ал.  

Өз кезегинде Асел Кодураңова кесиптешинин сөзүнө ачуусу келди. 

- Атамбаев эч кимди бөлгөн жок! ойлонуп туруп, андан кийин сүйлөгүлө, - деди ал Касымалиевага. 

Эске салсак, парламентте мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу процедурасы болуп өттү.

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх