Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбевде мурдагы президент деген статусу барбы же жокпу, эми адашып калышты 

 

Эмне үчүн мурдагы мамлекет башчысында, эгерде аны «мурдагы» деген статустан ажыратышса, мамлекеттик күзөт менен ЖКККББнын коштоосу калып калат? 

Алмазбек Атамбаевдин азырынча мамлекеттик күзөткө укугу бар, себеби Жогорку Кеңеш андан кол тийбестикти гана алып койду. Бул тууралу, Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөсү Таабалды Тиллаев айтты. 

- Мамлекеттик күзөттөн мурдагы президент соттун чечими менен гана ажыратылыт, - деп түшүндүрдү депутат. - Азырынча парламент тергөө боюнча иш чараларды өткөрүүгө уруксат берди, а мурдагы президент статусунан аны азырынча ажыраткан жок.

Аны менен бирге жогорудагы аты аталган комитеттин башка бир мүчөсү Асел Кодураңова укуктук коллизия жаралды жана азыркыга чейин түшүнүксүз, Алмазбек Атамбаев мурдагы президент статусунан ажырадыбы же жокпу деп белгиледи. 

- Түшүнүксүз абал түзүлдү, - деп Vesti.kg сайты менен сүйлөшкөндө ал мойнуна алды. - Кечээ Жогорку Кеңештин токтомунда эки пункт бар эле: кол тийбестикти алып салуу жана мурдагы президент статусунан ажыратуу. Бирок, анда мамлекеттин кепилдиктери - мамкүзөт жана ЖКККББнын коштоосу бүгүнкү күнгө чейин сакталып калууда. Бүгүн УКМКнан мурдагы президентке күзөттү дагы күчтөнтөбүз деп билдиришти. Биз бул маселени юристер менен талкууладык жана Жогорку Кеңеш кандай чечти, түшүнүксүз. 

Асель Союзбековна депутаттар өздөрү формулировкада адашып калышты деп кошумчалады. 

- Мыйзам боюнча мамкүзөттү соттун өкүмү күчүнө киргенде гана алып салса болот, - деп түшүндүрдү эл өкүлү, - Негизи, азыр мурдагы президентти статусунан ажыратуу процедурасы жок - азыркы президентти кызматынан бошотуупроцедураларынын  мүмкүнчүлүгү бар. Мурдараак Конституциялык палата мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу кызматынан бошотууга караганда анчалык татаал болбошу керек. Парламент аналогия боюнча кетти, бирок бул мыйзамда жок.Кылмыш мыйзамдары да аналогияны колдонууга өзүнө мүмкүндүк бербейт. Мындай норма менен жарандык сот гана иштейт, ошондо да - сот процессинин жүрүшүндө гана. 

Кодуранова Жогорку Кеңеш өзүнүн регламентинде мурдагы президентти статсунан ажыратуу процедурасын жазып коюшу керек эле деп ойлойт. 

- Эгерде, сот мурдагы президентти күнөлүү эмес деп тапса, депутаттар кандай аракет жасашат? - деп кызыкты ал. - Мурдагы президенттин статусун артка кайтаруу процедурасы да жок. Анда бир эле жол бар - Жогорку Кеңештин токтомун сот аркылуу алып салуу. Парламент аябай ойлонулбаган кадамга барды, андан ары кантип аракеттенүү керек ойлонушкан жок. 

Эсиниздерге салабыз, мурдараак Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчиси Эдиль Байсалов социалдык түйүндө, бүгүн түндө Алмазбек Атамбаевден мамкүзөттү алып салды деп жазды. 

Өз кезегинде УКМКнан мамкүзөттү алып салышты деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдиришти. 

«Азыркы учурда мурдагы президенттин коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин саны мурдагы бойдон эле, -деп белгилешти мамлекеттик кызматтан. - Керек болсо, Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү үчүн күзөткө кошумчалаганга УКМК даяр».

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх