Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Урмат Самаев жакшы адам жана спортсмен». Кесиптеши ЖК комитетинин төрагасынын жаңы орун басарын колдоп чыкты

«Самаевди кылмыштуулук менен байланышта дегенге мен ишенбеймин»  

Депутат Урматбек Самаев бир канча жыл Жогорку Кеңештин укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетенүү комитетинде иштеген, ошондуктан комитеттин төрагасынын орун басарлык кызматын аркалап кете алат. Ушундай пикирди  «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков Vesti.kg сайты менен бөлүштү. 

- Урматбек Самаев аталган комитетте көптөн бери иштейт, ошондуктан биз фракцияда аны ушул кызматка дайындалышын чечтик, - деп тушүндүрдү депутат. - Ал ишин жөндөп кете алат. Ал эми анын кылмыштуулук менен байланышы бар деген ушак кептерге байланыштуу, мен андайларга ишенбеймин дейт элем. Ал жакшы адам жана спортсмен. 

Түшүндүрүп кетсек, кечээ «Чемпион» деген лакап аттуу депутат Урматбек Самаевди  Жогорку Кеңештин укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетенүү комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматына дайындашты.  Аталган дайындоо кенен коомдук резонанс жаратты, себеби, анын аты криминалдык маалыматтарда жарыяланып келген. 

Эске салсак, Vesti.kg сайты Антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча Коопсуздук Кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевдин аталган маселе боюнча сөздөрүн берген.

«Канатбек Исаев өзүнүн жердешин өз кызыкчылыктарынан улам түртүп жаткандай сезим пайда болот экен, - деп божомолдоду ал. - Анда келгиле, өзүбүздү «каралардын мамлекети», Эркин Мамбеталиевди ИИМдин министри, а Камчы Көлбаев УКМКнын башчысы болсун. Менимче, Канатбек Исаев так ушундай логиканы  жетекчиликке алган». 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх