Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азыркы Жогорку Кеңешти «легендарлуу» парламент менен салыштырганга татыктуубу? 

Эксперттер мурдагы вице - премьер министрдин Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына карата мактаган мамилесин бөлүшпөйт 

Парламенттин азыркы чакырылышы тарыхый дегенге татыктуу. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына «Элдик парламенттин» мурдагы лидери жана мурдагы вице - премьер министр Бекболот Талгарбеков билдирди. 

- Бул депутаттар мурдагы президенттин кол тийбестигин алып салышты, - деп түшүндүрдү ал. - Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти «чимкирик», «сопливым» деп атады. Мен өзүмдүн мурдагы интервьюларымда ЖК өз милдеттерин аткарбай жатат деп аны менен макул болчумун. Бирок, азыр өз позициямды толук өзгөрттүм. Мен бул чакырылышты ошол кадамга баргандыгы үчүн гана тарыхый деп эсептеймин. 

«Элдик парламенттин» мурдагы лидери ушундай кадамга барат деп 3 ай эле мурда такыр ишенбегендигин мойнуна алды. Бирок, парламент анын таң калгандыгына карабай, ал маселени ишке ашырды. Талгарбековду вице - спикер Аида Касымалиеванын депутаттар Атамбаевди саткан жок, себеби, элдин жана мамлекеттин тагдыры жеке мамилелерден жогору турат дегени аябай таң калтырган. 

- 30дан ашык саясий камактагылар Атамбаев менен күрөшүштү жана аны жана анын мамлекеттик машинасын жеңе албай коюшту, - деди ал. - Бир жарым жылдан бери укук коргоо органдары эстеке жасай алышпады, бардыгына көз жумушту, качан гана парламент өзүнө жоопкерчилик алганда, алар да козголушту. 

Мурдагы-вице-премьер депутаттар мүмкүн өздөрүн эч кандай тобокелчиликке салган жок деп моюнга алды. Бирок, алар унчукпай койсо деле болмок, «саясий камактагыларга» мурдагы президенттин атына доо арыздарын берүү, түрмөлөрдөн өздөрү чыкканга жана өздөрүн актаганга мүмкүнчүлүк берип. ким эмне колунан келсе ошолорду жасаганга. 

Азыр болсо, анын пикири боюнча, «Атамбаевден бошотулгандан кийин» Кыргызстан бардыгын таза барактан баштаса болот, көңүлдөрүнүн көпчүлүгүн саясатка эмес, экономикага бурушуп жана элдин жыргалчылыгын көтөрүү менен алектенишсе жакшы болот эле. 

- Мен Атамбаевди мурда беш миң жылда бир келчү балакет деп атаганмын, - деп эске салды Талгарбеков. - Ошондуктан, кечээки күндү мен Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн алган күн - 1991-жылдын 31-августуна теңеймин. Бул чындыгында, тарыхый күн, биздин жарандарыбыз үчүн майрам күн.

Бирок, саясат таануучулар анын салтанатын бөлүшүшпөйт. 

Көз карандысыз эксперт жана мурдагы дипломат Марс Сариев Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы менен легендарлуу биринчи парламентти салыштырууга эч бир негиз жок деп ишенет.

- Мурдагы президенттен кол тийбестикти алып салуу бышып жетилген  болчу, бирок, ким аны кандай формада кабыл алды? - деп Vesti.kg сайты менен сүйлөшкөндө ал өзүнө суроо берди. - Өтө шашылган тездик. Парламент бул маселени чечүүдө ачык эле эч өз алдынчалыкка ээ эмес эле. Мурдагы, биринчи, тарыхый чечимди кабыл алганда, ачык жана демократиялуу болгон. А бул?

Андан тышкары, саясат таануучу VI- чакырылыштын депутаттары бир канча жолу өздөрүнүн саясий жактан жетиле электиктерин көргөзүшкөн. Мисалга, Алмазбек Атамбаевдин аларды «чимкирик» деп атаганына аябай таарынышты. Ошондой эле,  «120 саясий өлүктөр» деп атаганда, алар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду кызматтан кетирип жатып бир добуштан кол көтөрүшкөн. 

- Мен кол тийбестикти алып салууну колдогон чакта да, бул парламент  «легендарлуу» деп аталганга укугу жок, - деп эске салды Сариев. - Алардын  кандай иштөө усулдары жана мотивдери бар? Бул жерде саясий подтекст көрүнүп турат.   

Саясий маселелер боюнча эксперт Орозбек Молдалиев VI- чакырылышты «тарыхый» деп жарыялаганга али эрте экендигине макул болду. Биринчиден, алардын мөөнөтү азырынча бүтө элек жана депутаттардын ишин бардык беш жылдын жыйынтыгы менен баалоо керек. Экинчиден, мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратууга депуттардын жеке принципиалдуулугу түрткөн жок, ал жерде башка факторлор да бар. 

- Качан Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулушуна жана анын коррупциялык схемаларга тийиштиги бар экендиги ачыкталганда, 2020-жылдагы шайлоолордун алдында,  парламент мындай чечимди кантип кабыл албай коюшу мүмкүн эле? - деп Vesti.kg сайтына көрсөттү ал. - Атамбаевдин өзү болсо, бир канча жолу депутаттарды кемсинтүү менен , ал дагы аларды ушуга түрттү. Ошондуктан, бул жерде иш эл өкүлдөрүнүн эле чечкиндүүлүгүндө эмес. 

Минтип караганда, биринчи парламентти деле саясат таануучу «легендарлуу» деп атабайт: ал жерде деле чечимди кабыл алып жатканда курч бурчтарды жандап өтүшкөн. 

- Кыргызстанда анык парламент али боло элек, бирок, бизде бардык убак ойлонулбаган бир нерселерди  такканга шашып турушат, - деп айтты ал.

Анын пикиринде, Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын баатыры деген наамды ыйгарууда да шашышкан - эми сөзсүз аны бул өзгөчө белгилеринен да ажыратышат. 

- Ал эми депутат Кубанычбек Жумалиев азыркы курулуп жаткан Түндүк - Түштүк альтернативалуу трассасын анын аты менен атоону сунуштаган, - деп эске салды Молдалиев. - Обьекттерге адамдын атын ыйгарууда бекеринен ал өлгөндөн кийин 5 жылдан кийин деп жазылган эмес. Ал эми тирүү адамдын атын курулуп бүтө элек жолго ыйгаруу - ушундайды, легендарлуу деген атка талапкер биздин урматтуу парламент гана жасай алат.

Эксперт, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, эл азыркы чакырылышты кандай эмгек сиңирсе, ошондой өзү атап алат деп ишендирди. А депутаттар болсо, акыйкат мыйзамдарды кабыл алуу боюнча, 2020-жылы таза шайлоо өткөрүп, жаңы чакырылышта чыныгы эл өкүлдөрүн алып келүү тууралу кам көрүшсө, - деп суранды.  

Мурдараак Бекболот Талгарбеков азыркы парламенттин курамы да, биринчи парламент сыяктуу легендарлуу боло алат, себеби, Кыргызстанда биринчи жолу кол тийбестикти алып салууну каалап жатат, - деп билдирген. 

Ольга Федорчук

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх