Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыныбай Турсунбеков Атамбаевди  кантип экинчи мөөнөткө калтырууга аракет жасалгандыгын айтып берди

Мурдагы президентти экинчи мөөнөткө катырууга аракет кылган саясатчылар азыр деле жогорку кызматтарда олтурушат, а кээ бирлери кызматтарынан жогорулашты 

Кээ бир саясатчылар Алмазбек Атамбаевди экинчи президенттик мөөнөткө калтырууга аракет жасашкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков кабарлады.

Анын айткандары боюнча, Атамбаев аларды укпастан жана мамлекет башчысынын кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин кызматын тапшырып берип туура кылган. 

- 2012 - жылы эле кээ бир саясатчылардын Атамбаев экинчи мөөнөткө калышы керек деген билдирүүлөрү болгон, - деп белгиледи ал. - 2016-жылы болсо Атамбаевден башка эч ким өлкөнү өнүктүрө албайт деп чыгышкандар болгон. Бирок, анын эч кимдин сөзүнө кирбей, ээлеген кызматында калбаганы, эң туура чечим болгон.

Андан тышкары Чыныбай Акунович мурдагы президентке экинчи мөөнөткө калууну сурангандардын аттарын атоодон баш тартты. Муну депутат, ал адамдар ушул күнгө чейин жогорку кызматтарды ээлеп келе жаткандыгы менен түшүндүрдү.  

- Азыр атай албаймын, азыр алар кызматта турушат, кээ бирлери кызматтан жогорулашкан. Убакыт келсе, атап беремин. - деп жыйынтыктады Турсунбеков.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх