Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция бөлүмүнөн кылмышка шектүү качып кеттиби? (фото) 

Борборубуздагы ИИББсы бул маалыматты текшерүүдө 

Бишкекте Биринчи Май РИИБнүн ШМБнүн убактылуу кармоочу жайынан уурулукка шектелген адам качты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булагыбыз кабарлады.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, качкан адам Эрмек Бахтияр уулу, 1993-жылы туулган.

- Өзгөчө белгилери такталган эмес, чың денелүү адам, бою 170-180 сантиметр, кара чачтуу, - деп маалымдашты булактарыбыз.

Андан сырткары, Vesti.kg сайтынын редакциясы анын сүрөтүн алган. 

Vesti.kg сайты Бишкек ШИИББна окуяны чечмелеп берүүнү өтүнгөндө, алар бул окуя боюнча тастыктама беришкен жок. 

- Бул билдирүүнү биз текшерип жатабыз, - деп жооп беришти борборубуздагы милициядан. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 







Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх