Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиевди калыбына келтирүү борборуна которушат  

Депутат Таш-Дөбөдө канча убакыт болот, азырынча белгисиз

Жогорку кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин ден-соолук абалы орточо оор бойдон калууда.

Буга байланыштуу медиктер бүгүн консилиум өткөрүштү, анда алар аны Таш-Дөбө айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү Кыргыз илимий - изилдөө институтуна  которуу тууралу чечим кабыл алышкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын дарылоо иштери боюнча башкы врачынын орун басары александра Олексюк кабарлады. 

- Азыркы учурда ал биздин ооруканада, - деп айтты ал. - Врачтар аны калыбына келтирүү борборунда  дарылануусун улантууну сунушташты. Ал жерде канча убакыт дарыланат, азырынча белгисиз. 

Эсиңиздерге салсак, мурдараак, Александра Яковлевна Vesti.kg сайтына жакында депутатты үйүнө чыгарышы мүмкүн экендиктерин кабарлаган. 

Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча ИИМге суракка чакырылгандан кийин ооруканага жаткырылган. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх