Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каршылык акциясынын катышуучулары «эски элита кетсин, жана жаңы элдик лидерлер келсин» деп талап кылышат 

Бишкекте 3 июлда Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда митинг өтөт 

Бишкекте 3 июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катыша турган  тынчтык митинги болот. Ал бул тууралу журналистерге өзүнүн Кой-Таштагы үйүндө, өзүнүн тарапташтары менен жолугушууга чыкканда айтты. 

 

Атамбаевдин тарапташтары бул акцияны «Медиафорум» имаратынын жанында өткөрүүнү пландаштырып жатышат. Социалдык түйүндөрдө таркатылган постерлерде митингдин талабы катары «эски элита кетсин, жана жаңы элдик лидерлер келсин» деген ураан болмокчу.

27 июнда парламент Алмазбек Атамбаевди мурдагы президент статусунан ажыраткан, бул демек, укук коргоо органдарына аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк берет дегендик. Андан бир канча күн мурда анын тарапташтары мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө чогулушуп, элдик штабдын түзүлгөндүгү жөнүндө жарыялашкан. Алар азыркы учурга чейин ал жерде турушат. 

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси  Айбек Азыранкулов да Атамбаевдин үйүнө келип, өзүнүн колдоосун билдирди. Журналистерге берген комментарийинде, ал апрелде эле кызматтан кетүү тууралу арызын берген. «Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Элдин нараазычылыгын көрүп турабыз. Мен 2006-жылдан бери КСДП партиясындамын. Биз бардыгыбыз, бир чоң командада болчубуз», - деди ал.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх