Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевге кошулуп кеткен Айбек Азыранкулов, де-юре Жээнбековдун кеңешчиси бойдон калуудабы?

 

«Ал президенттин аппаратынан кетүү жөнүндө арызын жазган, бирок, мага азыркыга чейин белгилүү болгондой, ага кол коюла элек»  

Айбек Азыранкулов азыркыга чейин Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси бойдон калууда. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева айтты. 

 - Ал президенттин аппаратында иштеген, иштен кетүү тууралу арызын жазган, мага белгилүү болгондой, али документке кол коюла элек, - деп белгиледи ал. - Бирок, мүмкүн, ал Кой - Ташка келгенден кийин аны жумуштан алышкандыр. 

Жолдубаева анын азыркы президенттен кеткендигинин себеби, анын саясатына макул эмес болгондугум  деп Азыранкулов өзү айтты деди.

- Ал ошентип эле айтты, эгер мени  бардыгы канаатандырса, Алмазбек Шаршеновичке келмек эмесмин, -деп кошумчалады ал.

Түшүндүрө кетсек, кечээ Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов Алмазбек Атамбаевге колдоо көрсөтүү үчүн Кой - Ташка келген. Мурдараак, «элдик штабга»  УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев, ИИМнин мурдагы башчысы Улан Исраиловдор келишкен.

Мурдараак  Vesti.kg сайты парламенттин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана мурдагы президент статусунан ажыраткандыгын билдирген. Башкы прокуратура мурдагы мамлекет башчысына байланыштуу кылмыш ишин ачуу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ага коррупция боюнча айыптар тагылган. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх