Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдрахманов: Мен Атамбаевди билемин - ал коркок адам, азыр анын маанайы өтө басыңкы

Ал арада Сагынбек Абдрахмановдун өзүн Лжедмитрийге (Жалганчы Дмитрийге) салыштырышты 

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов Жалганчы Дмитрийдин ролунда чыгууда, бирок, ал өлкөбүздө эмнелер болуп жаткандыгын аягына чейин түшүнө элек. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына саясат таанучу Токтогул Какчекеев бөлүштү. 

- Коомубузда Кыргызстандагы жалгыз оппозиционер - Алмазбек Атамбаев деген пикир криссталдаштырылган, - деп белгиледи ал. - Ал эми азыр Кой-Ташта болуп жаткандар, жооп катарындагы соккуга окшошкондой. А мурдараак болсо, азыркы жана мурдагы президенттерге элдешүүнү сунушташкан. Андай болгон жок жана алардын араздашуусу эң жаман сценарий менен өнүгүшү мүмкүн, ошондуктан, өздөрүнүн идеяларын карманган жана аны социалдык түйүндөр аркылуу үгүттөшкөн адамдарды көзөмөлдөө, мүмкүн эмес. 

Токтогул Какчекеевич Сагынбек Абдрахманов өзүн, КСДПнын атын өзүнө таандык сапаттарынан ажыратууну буюртма боюнча көздөгөн зыңкыйган жигит катары көрүп жатат деп кошумчалады.  

- Бирок, анын Алмазбек Атамбаевди баалабаганы туура эмес, себеби, качан Бакиев Акаевге каршы турганда, эч ким көңтөрүш болот деп ишенген эмес, анан болду да, -деп эске салды ал.  Абал 2010-жылы да кайталанды. Бул жолу да ар түрдүү болуп кетиши мүмкүн. 

Түшүндүрө кетсек, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов Кой - Таштагы абал тууралу өзүнүнүн пикири менен бөлүшкөн. 

 «Мага өлкөбүздүн булуң - бурчунан телефон чалуулар болуп жатат, керек болсо, фейсбуктан да суроолор көп. Азыр Кой - Ташта эмнелер болуп жатат? Урматтуу Кыргызстандыктар, баарыңыздарды ишендиремин, абал абдан тынч», - деп ал социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына жазды. (ушул жерде жана мындан ары орфография менен пунктуация сакталат -ред. эск.) 

Абдрахманов мурдагы мамлекет башчысыны жүздөн ашпаган адамдар колдошот деп божомолдойт. 

«Мурдагы диктатор азыр өзүнүн кан сарайында коркуп олтурат, аялдар менен балдарды тегерете курчатып алып, ал эми ага кызыккан адамдар сүрөткө түшүп калуу үчүн келип жатышат, - деп белгиледи ал. - Бардыгы элден мыйзамсыз тартылып алынган, уурдалган мүлккө карашат. Эмне даярдашса, ошону жешет. Кечинде ал жерде болгону, көп болсо 100 адам топтолот. Кой - Таш айлылы, Чүй толугу менен - колдойт дегендерге, эч кандай негиз такыр жок!!! Сиздер көрүп жатасыздар да, ага көп болсо. 7-8 атчан келет. Бул кандай гана айыл болбосун өтө аз көрсөткүч. Ар бир сегизинчи класстын окуучусу эки саат ичинде 30-40 өзүнүн теңтуштарын ат үстүндө топтой алат. Бул жерде болсо, бүтүндөй ПРЕЗИДЕНТ! Андан да ага түн ичинде келип жатышат».

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери  «Элдик штабдан» алынган маалыматтарга ээ экендигине ишендирди. 

«Анын көңүлү абдан суз, - деп айтып өттү ал. - Мен аны жакындан билемин. Ал өтө коркок адам. Ал сүйлөгөндө өтө көп жана катуу сүйлөйт, качан ишке келгенде - ошол замат бир заматта эле аралашып кетет. Эстесеңиздер, мисалга, 2009-жылдагы президенттик шайлоодо бийликти аламын деп катуу коркуткан. Андан кийин, ал шайлоо бөлүмдөрүнүн жабылышына бир канча саат калганда, баарыбызды саткан. Дагы ошол абалда, анын артында жүз миңдеген адамдар аны чын жүрөктөн колдоп жатышканда, аны колдоп Кыргызстандын чоң саясатчылары турганда!  

А азыр болсо анын жанында кимдер турат? Мурдагы агроном Сегизбаевби, "Белизгейт«» үчүн генералдык погонду алган? Жолу келгенде, Атамбаевдин башка жакын адамдары сыяктуу доллар миллионери болгон. Дагы ким бар? Ашпозчу Алга Кылычевби, ал «Даназык» чоң ишканасын уурдап алган?  Дагы менин мурдагы жакшы жолдошторум, Кыяз Смаилов сыяктуу? Ал жакшы жигит. Бирок, эл аны ээрчибейт! 

Ошондуктан, азыр элди козгобогула, Атамбаев үчүн кимдир - бирөөлөр топтолуп жатат деп! Бийликтин чечкинсиздигине белгилүү бир нараазычылык бар - бул факт! Бирок, муну элдердин баары Атамбаевди колдойт  дегендик менен салыштырууга таптакыр болбойт. Биз бүгүн партиялаштарыбыз менен талкууладык, Кой -Таштагы партячейка, Аламүдүндүн айылдарындагы жана жалпы Чүйдөгү элдердин арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзөлү деп чечтик. Биз, Атамбаевдин жөнөкөй элдерди көтөрүп, кан төгүшүшүнө жол бербейбиз. Биз муну ага жасатпайбыз!».

Өз кезегинде башка саясат таануучу Марат Казакпаев, Сагынбек Абдрахманов азыркы саясий кырдаал тууралу убагында өз пикирин билдирди деп эсептейт.

- Абдрахмановду партиядан чыгарышкан, бирок, ал муну менен макул эмес эле, азыр болсо, акыйкаттыкты ордуна койгусу келип жатат, -деди ал  Vesti.kg сайтына. - Анын сөздөрүндө тунук акыл сезилип турат, менимче, ал чачыраган партияны бириктиргиси келип жатат. Абдрахмановду саясий аренадан кетти деп айткым келбей турат. Ал аткара турган иштер али алдыда. 

Эске салсак, Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кеткен кеңешчиси Айбек Азыранкулов кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге колдоо көрсөтүү максатында Кой-Таш айылына келген. Мурдараак,  «элдик штабга» УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев жана мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов келишкен. 

Өткөн жумада парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана мурдагы президент статусунан ажыратышкан. Башкы прокуратура мурдагы мамлекет башчысына байланыштуу кылмыш ишин ачуу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ага коррупция боюнча айыптар тагылган. 

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх