Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевге Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мурдагы жетекчиси Абдышүкүр ажы Нарматов келди 

Бирок, кийинчерээк анын КСДПнын мүчөсү менен түшкөн сүрөтү алынып салынган 

Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мурдагы жетекчиси Абдышүкүр ажы Нарматов бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына келди. Бул тууралу КСДПнын мүчөсү Эрмек Окенов Facebook социалдык түйүнүндө кабарлады. Бирок, бир канча саам өтпөй, алардын бирге түшкөн сүрөтү алынып салынган. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев жашап жаткан Чүй облусунун Кой-Таш айылында азыркы учурда элдик штаб түзүлгөн, ага мурдагы президенттин тарапташтары чогулушат. 

Мурдараак  Vesti.kg сайты штабга УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин жана ИИМдин мурдагы минстри Улан Исраиловдун келгендигин кабарлаган. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх