Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман Тюлеев Роза Отунбаеваны Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча штабга чакырды 

Мурдагы  мэр элди тынчтык жүрүшүнө чыгып, элдин мурдагы президентке «чыныгы мамилесин» көрсөтүүнү сунуштайт  

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Тюлеев Фейсбук социалдык түйүнүндөгү өз баракчасына Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча элдик штаб түзүүнү ниет кылып жаткандыгын жазды. 

Анын айткандары боюнча, штабдын  саясий биригүү менен байланышы болбойт  жана азыркы бийликтин кызыкчылыктарын коргобойт. 

«Мен Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча чакырып кайрыламын. Жок, мен чакырбаймын дагы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында тынчтык жүрүшүнө даярдык көрүү үчүн штаб түзөмүн. Штабдын ишмердүүлүгү өлкөдөгү туруктуулукту жана мыйзамдуулукту камсыздоого багытталган. Бул штаб эч кандай саясий түскө ээ эмес, эч бир тараптын кызыкчылыгын талашпайт. Биз бийлик жана Жээнбеков үчүн эмес жана Атамбаевге да каршы эмеспиз. Биз мыйзамдын деминде жана тамгага так жазылгандай мыйзамды сактоо үчүнбүз, штабдын ишмердүүлүгү саясаттан такыр алыс жана мыйзамдуулукту сактоого гана багытталган болот»,- деп жазылган Түлеевдин кайрылуусунда.

Андан тышкары, ал өзүнүн кыймылына Роза Отунбаеваны жана бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрүн кошулууга чакырды. Жакынкы күндөрү  штабдын мүчөлөрү колдоруна Конституцияны кармап алышып, Атамбаевдин кан сарайынын жанында митинг уюштурууну көздөп жатышат. 

«Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке өзүнү жана бардык саясий күчтөрдү, көнүлү кош болбогон бардык жарандарды жана бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарынын бардык нормаларын четке каккан, аймактар аралык касташууну сепкен, түштүк куралчан аскерлери тууралу фейк ыргытып, укук коргоо органдарын курал менен коркутуп жана өз тарапташтарынын тобунун артына жашынган  Атамбаевдин бузуку ишмердүүлүгүнө элдин чыныгы мамилесин көрсөтүүгө чакырамын»,- деп баса белгилейт Түлеев.

Эске салсак, 25 июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында «мыйзамсыздыкка каршы элдик штаб» ачылган.

Мурдараак, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге расмий айып таккан. Кылмышка шек жараткан алты фактыдан башкы көзөмөл органы бешөөнө корутунду берген.  

Алардын ичинде: Кой -Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу жана ага көмүр ташуудагы коррупция, андан тышкары кирешелерди ачыкташтыруу, кылмыш тобун түзүү жана мамлекетке зыян келтирүү.  

Саясий куугунтуктоолор тууралу айыптоолор Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтканына караганда, тастыкталган эмес. 

Борборубуздун мурдагы мэри Нариман Түлеевдин Атамбаев ага жарым миллион доллар карыз экендиги тууралу билдирүүсүн Башкы прокуратура караган эмес. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх