Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Отунбаеванын билдирүүсү - Өмүрбек Текебаевге болгон кезектеги жардам аракетиби? 

«2016-жылга чейин ал булардын бардыгы тууралу эмнеге айткан эмес?»  

Өткөөл мезгилдин мурдагы президенти Роза Отунбаева мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратылышы жөнүндө  өз ойлорун айтты. 

Роза Отунбаева. Мунун бардыгы жөн эле эмес?

Ал өз кайрылуусунда, учурда болуп жаткандар -  2016-жылдын ноябрындагы «Ата Мекендин» депутаттары сунуштаган импичмент жөнүндөгү демилгенин логикалык уландысы деп белгиледи. 

«2019-жылдын 12-июнундагы 40 депутаттан турган демилгечи топтун койгон айыптары 2016-жылдын ноябрындагы «Ата-Мекен» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүн негиз кылып алган - президент Атамбаевге импичментти даярдоо жөнүндөгү фактыларды кайталап көрсөтөт», - деп белгиледи ал.

Отунбаева азыр мурдагы президенттин конституциялык эмес ишмердүүлүгүнө терс сындарды айткан депутаттар, андан кийин, ал тараптан максаттуу саясий куугунтукка алынышкан деп билдирди. 

«Ошондуктан Жогорку Кеңеш тарабынан Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптоолор жана аны кол тийбестиктен ажыратуу анын президент кезиндеги ишмердүүлүгүнө болгон баанын логикалык жыйынтыгы болуп калды», - деп эсептейт ал.

Өткөөл мезгилдин мурдагы президенти «депутаттык саздан» башка да, «мамлекеттик башкаруунун мыйзамдуулугуна көз салып жана бийлик бутактарынын конституциялык балансын сактагандарга бийликтин басымынан сырткары чыныгы трибуналар», ошондой эле куугунтуктарга жана репрессияларга туш болгон парламенттин сыртында да жоокерлер, саясатчылар, жарандык активистер жана журналистер бар экендигин көрсөттү.

«Азыр коомчулукта Ак үйдүн кайсы терезесинен жергиликтүү акыйкат сотту жүргүзгөндөргө кандай көрсөтмөлөр менен шыкалоо берилип жаткандыгын көрүп, түшүнүү үчүн билим, тажрыйба, интуиция бар,  - деп ишенет Отунбаева. - Ошол кабинеттердин мурдагы ээлери олтурган жерге, аларды да жөнөтүүгө жетишүү керек».

Ал ушул жерде Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда жасаган «репрессиялар жана куугунтуктарга» «азырынча таппаган» тастыктамалардын жоктугуна кейиди. 

Анын пикири боюнча Атамбаев, азыркы бийликти «бакиевчил» деп атап, бир эле максатты көздөп жатат - аймактар аралык араздашууну козгоону, өлкөнү «өзүбүздүкүлөр» жана «башкаларга» бөлүш керек. 

«Аялдардан, карыялардан жана жаш жигиттерден жандуу коргон жасап, ал ага карата боло турган кандай гана оперативдүү-тергөө  чараларына мен куралдуу каршылык көрсөтөмүн деп билдирүүдө, - деди Роза Отунбаева. - Минтип ал өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгүн жана жеке кайраттуулугун көрсөткүсү келип жатат, бирок, чын-чынында, өзүнүн саясий жактан жетиле албагандыгын жана адамдык алсыздыгын чыгарууда».

Аягында өткөөл мезгилдин мурдагы президенти Өмүрбек Текебаевди дагы бир жолу эстеди, «буюртма камакка алына тургандыгын ачык билип туруп, өзүнүн таза атын жана саясий ишенимдерине бекем туруу үчүн  Кыргызстанга кайтып келди» - деди ал.

.Роза Отунбаеванын билдирүүсү өзүбүздүн саясат таануучулардын арасында түрдүү сөздөргө жол ачты.

«Түштөнүүгө кашык кымбат»

Саясий  маселелер боюнча эксперт Орозбек Молдалиев өткөөл мезгилдин президентин колдоду. Ал убагында депутат Өмүрбек Абдрахманов Өмүрбек Текебаев менен Леонид Маевскийдин ортосундагы коррупциялык бүтүм тууралу маселени бийликти алар кызыктыргандан кыйла мурда көтөргөн болчу, - деп ал Vesti.kg сайтында эске салды. 

- Андан да, кылмыш ишин козгоо үчүн  керек болгон учурда, бардыгын ошол замат эстешти, - деди Молдалиев. - Маевскийди да табышты, күбөлөрдү дагы. Атамбаевге каршы сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү темир тор артында калышты. 

Саясат таануучу «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин качырылышын вице-премьер-министр Шамил Атаханов өзү жалгыз эч качан уюштура алмак эмес дейт. Атамбаев ошондо, эксперттин айтымында, депутаттык комиссиянын корутундусун көзгө илген эмес жана тыкан текшерүү жүргүзүүгө уруксат берген эмес. 

Молдалиев мурдагы президенттин «Кокон хандыгы» тууралу жана азыркы бийликти «бакиевдин» бийлиги менен салыштыруусу, чындыгында эле анын эмоциялары менен манипуляциялашы деп тааныды. 

- Атамбаев аймактар жөнүндө сүйлөгөндө ал өзүнүн да түндүктөн эмес экендигин эсинен чыгарып коюп жатат: ал өзү тарыхчылардын жардамы менен ичкилик уруусунан чыккандыгын негиздеген, ал деген азыркы Баткен облусу. Бирок, жок дегенде азыркы жаштарыбыз бул ченемдер менен жашабайт, бул теманы көтөрүү менимче, эч бир жакшылыкка алып келбейт. 

Ошол эле учурда эксперт  Роза Отунбаеванын өзүнүн кайрылуусу менен мурдараак чыкса жакшы болмок эле деп белгиледи.  Бүгүн, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткандан кийин анын кайрылуусу, бир чети өз маанисин жоготту. 

- Жакшы кайрылуу жазган, - деп белгиледи ал. – Бирок, азыр ким гана эски президентти сындабайт. Жатып калганды тепкилеген туура эмес. «Түштөнүүгө кашык кымбат». Ал бийликте болгондо сында. Бирок, билдирүүнүн жалпы мазмунун - колдоймун. 

Өмүрбек Текебаевге эркиндик

Көз карандысыз эксперт, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов өткөөл мезгилдин мурдагы президентинин билдирүүсү бир гана максатты көздөйт - 2016-жылдагы саясий күрөштү азыркы окуяларга - «тартуу», кезектеги кризистин фонунда Өмүрбек Текебаевдин түрмөдөн чыгышына жардам берүү. 

- Эмне үчүн ал 2016-жылга чейин ушулардын бардыгы тууралу айткан эмес? - деп кызыгат ал Vesti.kg сайты менен сүйлөшүп жатып. - Бардыгы ушундай - башында оозуна суу толтуруп алгансышат, а качан абал башка тарапка бурула баштаса, өздөрүнө упай топтой башташат, болуп жаткан окуяларды өз саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат. 

Мамытканов бардык  «саясий» кылмыш иштерин Алмазбек Атамбаев жеке өзү жасаган эмес, а тергөөчүлөрдөн, прокурорлордон жана соттордон турган бүтүндөй бир машина жасагандыгын эске салды. Ошондуктан, өкүмдөр акыйкат эмес болгон болсо, анда алардын жалпы жамааттык жоопкерчилиги тууралу айтыш керек. 

- Келгиле, бул баш аламандыкта кимдер катышкан болсо, бардыгын жоопко тарталы. Башкы прокуратуранын жармысын, УКМКнын бардыгын, сотторду олтургузалы, - деп тамашалайт ал. - А чынын айтсак, биз ишене ала тургандай, көз карандысыз соттук система түзүлмөйүнчө, ошондойлор кайра, кайра эле боло берет.  

Анын пикиринде, азыркы Алмазбек Атамбаевге байланыштуу тездик менен жасалган териштирүү керек болсо, ал көз карандысыз системанын орнотулушуна бут тосот.

- Эртең азыркы кызматта олтургандар менен да, Атамбаев менен болгондой кайталанышы мүмкүн, - деп көрсөттү эксперт. - Депутаттарга байланыштуу болсо, алар жөн эле өз иштерин жасап коюшту - бул алардын тарыхый миссиясы болчу, аны аткаргандыктары үчүн бир күнү алар да жооп берип калышы мүмкүн. 

«Ага башка өлкөдө тынчыраак болот эле»

Саясат таануучу Аркадий Гладилов Роза Отунбаеванын билдирүүлөрүндөгү  баары менен эмес макул. Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө ал Кыргызстандагы саясий процесстердин «таң каларлык» тынымсыз болуп тургандыгын белгилейт. 

- Аскар Акаевди алып коюшту – бардыгын ага асышты, - деп эскерет  эксперт. – Курманбек Бакиевден кийин – ошол эле, ошол эле риторика жана аргументация: «мурдагы бийлик менен Бакиев күнөлүү» дешти. Андан кийин Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берди, дагы кайрадан. Бирок, азыркы мамлекет башчысынын абийирине байланыштуу мурдагы президенттин наамына бир дага өзгөчө күнөө койгон сөздү укпапмын. Бирок, анын тегерегиндегилер санкциялардын жылгаягына туш болушту. 

Ошол эле учурда, Гладилов саясатчылардын араздашуусунан кандайдыр бир жеке эсептешүүлөрдү издөөдөн күмөн санайт: бул Кыргызстан үчүн кадимки эле таасир этүү чөйрөсүн бөлүштүрүү. 

- Кимдир - бирөөнү жалгыз күнөлөө - өтө эле үстүртөн көз караш болот, - деп ишенет ал. - Дагы тереңирээк караш керек. Бизде жекече адамдардын алкагынан чыгып бара жаткан процесстер кайталанууда.

Саясат таануучу мурдагы президенттин эмоционалдуу жана өзүн кармай албаган мүнөзү радикалдуу аракеттерге барганга мүмкүндүгүнө макул, анын «уюштурулган эки революциялар» жана «коргонууга» даярдыгы жөнүндөгү сөздөрдө белгилүү бир ишарат бар дегендей айтышат. Бирок, коркууга эч кандай негиз жок. 

- Аны абалды алгачкы ирет эле бузууга аракеттенгенде камакка алышат, -дейт эксперт. - Бирок, андайга чейин барбайт деп ишенемин. Качан Атамбаев бийлик чечкиндүү экендигин түшүнгөндө, ал тынчыраак бир өлкөдө өзүнө орун табат. Мындай кадам анын өзүнө да, Кыргызстанга да тынчтык бермек. Эки аюу бир үңкүрдө жашай албайт. 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх