Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осмоналиев: Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы  мыйзамды жөн эле буза берип көнгөн

КП жаңы башчысы болуп Карыбек Дүйшеевдин шайланганына юрист кубанычын жашырбады

Керек болсо, Конституциялык палатанын жаңы башчысын шайлап жаткан учурда да мурдагы төрага  Эркинбек Мамыров мыйзамды дагы бир ирет бузду. Vesti. kg сайтында юридикалык илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев ушуларга даттанды. 

Өткөн жумада Карыбек Дүйшеев Коституциялык палатанын судьясы болуп калды. Бешинчи күнү соттордун кеңеши аны төрага кылып шайлашты. 

- Конституциялык палата жөнүндөгү мыйзамдын 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, КП жаңы төрагасын шайлоодо жыйынды жашы боюнча эң улгайган судья алып барышы керек, бирок, судьялардын айткандарына караганда, мурдагы төрага Мамыров мыйзамды бузган жана жыйынды өзү өткөргөн, - деп айтты Осмоналиев. - Алардын арасында андан улуу эки адам олтурушкан: Куанбек Кыргызбаев менен Курмантай Абдиевдер күзүндө 70 жашка толушат. Мында ал мыйзамды жөн эле бузганга көнгөн. 

Анын айткандары боюнча, аппарат жаңы төрага болгонуна ыраазы. Жаңы төраганын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууда анын канчалык конституцияга ылайык келерлиги жөнүндөгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын талабынын үстүндө иштөө түрүндөгү «бир олуттуу ишке кадам коюу» турат. 

- Конституциялык палата бул маселеде чекит койгонго милдеттүү, - деп айтты Осмоналиев. - Бул Дүйшеев үчүн саясий -укуктук сабаттулугун текшерүүгө тест болот. 

Эркинбек Мамыровго байланыштуу, анын, юридика илимдеринин докторунун айтымында, Мамыровдун биринчи жолу мыйзамды бузуп жатышы эмес: ал керек болсо, КР эмгек сиңиирген юристи наамын да өзүнүн орун басарына суранып кол койдуруп алып, өзүнө өзү «тапшырган» - деп профессор ишендирет. 

Май айында  Vesti.kg сайты Кайрат Осмоналиевдин пикири боюнча, Эркинбек Мамыров Жогорку соттун ишмердүүлүгү тууралу маалыматты парламентке сунуштоодо аны конституцияга туура келбейт деп, өзүнүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөндүгүн билдирген. 

Сөз Жогорку Кеңеште сот системасынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү жылдык маалыматты угуу тууралу болгон. Конституциялык палата Жогорку сотко коомчулукка маалымат жеткирүүнүн формаларын жана усулдарын Жогорку сот өзү жана өзүнүн гана демилгеси менен аныктаганга уруксат берген. 

- Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга ылайык, судья өзүндө болгон өндүрүштөгү иш боюнча гана Конституциялык палатага суроо - талабын жөнөткөнгө акылуу, - деп көрсөттү юрист. - Калган бардык башка учурларда алар мындай укукка ээ эмес. Депутат, жаран мындай мазмундагы суроо - талапты койсо болот эле. Бирок, кандай болбосо да, судья эмес.   

Мурдараак,  Vesti.kg сайты Конституциялык палата «Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун конституцияга ылайыктуулугун текшерүү тууралу ишти караган жана Конституцияга каршы норманын талаштуулугун тааныгандыгын кабарлаган..

Конституциялык палатада мамлекеттик органдардан маалыматтарды угуу бийлик булактарынын ортосундагы теңчиликти бузат жана мыйзам чыгаруу бийлигин башка бийлик бутактарына үстөмдүк кылууга жол ачат деп чечишкен. 

Мурдагы судья, юрист Клара Сооронкулова Vesti.kg сайтына Конституциялык палата ыйгарым укуктарынан ашып кетти деп билдирди. 

- Конституциялык палата Жогорку Соттун кайрылуусун кабыл албашы керек болчу, -деп түшүндүрдү мурдагы судья. – «Конституциялык  палата жөнүндөгү» мыйзам боюнча, соттор ал жакка өздөрүнүн ыйгарым укуктары тууралу эмес, өздөрү карап жаткан иштер тууралу кайрыла алышат.

Жакында Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Эркинбек Мамыровго эскертүү берген. 

Ольга Федорчук

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх