Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы жалпы Кыргызстанды камтыйт 

Абылгазиев туура эмес орнотулган жол белгилерине байланышкан жол кыймылындагы бардык кемчиликтерди ыкчам оңдоого чакырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү боюнча жыйын  өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында жүргөн автосүйүүчүлөр тарабынан көтөрүлгөн техникалык чала иштерге байланышкан маселелер талкууланды.

Өкмөт башчы жооптуу маморгандар тарабынан кетирилген жетишсиз иштерди табууда жардам көрсөтүп жаткан жана активдүү жарандык позициясын, өздөрүнун көңүл кош эместигин көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирди. 

Абылгазиев долбоордун жаңы башталганынан баштап, жарандардын колдоосу астында гана мамлекетибиз  «Коопсуз шаар» долбоорун толук кандуу ишке ашырууга жетишип жатканын жана аны менен бирге борборубуздун жол инфрастуктурасын өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди уюштуруудабыз  деп баса белгиледи. 

Буга байланыштуу премьер, жарандар көрсөткөн туура эмес орнотулган жол белгилерине байланышкан жетишпегендиктерди ыкчам түрдө таап жана оңдоолорду жүргүзүүнү тапшырды. 

«Автосүйүүчүлөр дайыма автожолдордун жана жол кесилиштериндеги жол кыймылынын жакшы уюштурулушуна өзгөчө көңүл бөлүп келишкен. Чоң иштер бүткөрүлдү - компетентүү мамлекеттик органдар ыкчам түрдө жетишпегендиктерди тартипке келтирүү менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана биздин жолдордо автомашиналардын жүрүү мүмкүнчүлүгүн көтөрүү үчүн өз иштерин жолго койгондугун белгилеп кетсек болот, - деди премьер - министр.

Ал түзүлгөн абалга күнөөлүүлөр дисциплинардык жоопкерчилик тартышат, керек болсо кызматтарынан алынышат деп баса белгиледи. 

Бул, өзгөчө, адвокат Акин Токталиевге жасалган тартип бузуу тууралу аягында айып пул салгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөн ИИМнин тийиштүү структуралык бөлүмүнүн кызматкерлерине да тиешелүү. Буга байланыштуу, ИИМне түзүлгөн абалдын жагдайлары боюнча дыкат иликтөөлөрдү жүргүзүү тапшырылган.

Абылгазиев өлкөбүздүн жолдорундагы ЖТКнын санын жана өлүмдү кыскартууга жана статистика көрсөткөндөй, өзүнүн максаттарына жетүүгө багытталган «Коопсуз шаар» долбоорунун маанилүүлүгү жөнүндө дагы бир жолу эске салды.

Андан тышкары,  «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга байланышкан маселелер жыйында талкууланды. 

«Конкурска катышкан арыздарды ачуу 27-июнда болуп өттү. Тапшыруучулар квалификациянын алдындагы процедурадан өткөндөн кийин  квалификацияларды жана техникалык чечимдерди баалоодон кийин, өздөрүнүн бааларын сунуштоого 21 күнгө созула турган конкурстун кийинки этабына өтүшөт.  Баа сунуштарын ачуунун жыйынтыктарынан кийин жеңиш конкурстук арыздын кепилдигин камсыздоону киргизүү шарттарын жана эң төмөнкү баа сунуштаган тапшыруучуга ыйгарылат. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы бүт өлкөнү өзүнө камтыйт.  Келишим түзүлгөндөн кийин келишимге кол койгон уюм, бардык уруксат кагаздарын алат өлкө боюнча аппараттык-программалык комплекстерди орнотууну камсыздайт. Долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык комплекстер менен 306 точканы камтуу пландалып жатат: 266 стационардык жана кырк көчүп жүрүүчү, - деп маалымдады Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев.  

Премьер-министр «Коопсуз шаар» долбоорунун мындан аркы этаптарын ишке ашыруу үчүн бүт өлкөбүздүн жолдорундагы коопсуздукту камсыздап жана тартипке салуу мамлекеттик органдардын жардамы менен гана эмес, мында, коомубуз жана активдүү жарандарыбыздын да колдоосу жана көңүл буруусу менен  ишке аша тургандыгына ишенич билдирди. 

 

Өкмөттүн  аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх