Манас Арабаевдин Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөсүн КСДПдан митингдин алдындагы «аккыч» деп аташты
«Бул коомдук кызыгууну башка нукка буруу үчүн багытталып жасалат»
Укук коргоочуларга Алмазбек Атамбаевдин аялына каршы көрсөтмөнү президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн мурдагы башчысы Манас Арабаев берди. Анын «Ала-Тоо-24» телеканалынан «Көлөкөлөр: Инвесторлордун мүлкүнө көз арткан Атамбаевге жакын адамдар» деген фильмдеги сөздөрүн келтиришкен.
Арабаев 2016 - жылы БЛС курулуш компаниясына байланыштуу соттук доону кароодо, Раиса Атамбаева бир канча жолу жолугушууга суранганын айтып берди. Ал жерде Раиса Атамбаева экинчи инстанцияда соттук процесстин чечилишине жардам көрсөтүүнү тапшырган. Жолугушууда башка адамдар да болгон, мисалга, анын уулу Раис Бектемиров.
Ошондой эле мурдагы биринчи леди судья Элвира Жаркеевага «тийишпөөнү» талап кылган. Ал өзүнүн бул суранычын УКМКнын кызматкери Алмаз Маткасымов аркылуу да билдирген.
Белгилей кетсек, азыр Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевага карата эки кылмыш иши козголгон.
Белгилүү, мурда Манас Арабаевди соттук системанын куратору жана «көк кардиналы» деп аташкан.
КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева «Ала-Тоо-24» телеканалынын фильмин Алмазбек Атамбаевди колдоо митингинин алдындагы атайын жасалган «аккыч» деп атады.
- Бул нерселер, коомдук кызыгууну башка нукка буруу үчүн жана коомдук пикирге таасир этүүгө багытталган, - деп айтты ал Vesti.kg сайтына. - Маалыматтык атаканын жана «кара пиардын» ушундай элементтери бар. Ал эми сөз болуп жаткан фактылар болсо, алар жасалма жана эч нерсе менен тастыкталган эмес.
Эске салсак, Манас Арабаевди президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн башчысы кызматынан 2018-жылдын май айында бошотушкан. 2019-жылдын 2-июнунда аны кармашкан жана УКМКнын тергөө абагынын УКЖна киргизишкен.
«Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында өткөрүлгөн тергөө -ыкчам иш - чараларынын жүрүшүндө КР ККнин 319-беренесине ылайык, «Коррупция» боюнча М.Арабаевдин кылмыштарга аралашкандыгына шек бар экендиги такталган», - деп кабарлашты КР УКМКнен.
Ольга Федорчук
Фото www