Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылычбек Султанды УКМКга суракка чакырышты (фото)

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси кайсы иш боюнча күбө катары чакырылып жатат, анын жактоочусу али биле элек. 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанды УКМКнин Тергөө башкы башкармалыгына күбө катары суракка чакырышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова кабарлады.

- Кайсы иш боюнча чакырылды, бизге азырынча белгисиз, - деди юрист. - Суракка биз бүгүн саат 15:00дө киребиз. 

Кылычбек Султандын суракка чакыруу кагазын бүгүн алгандыгы белгиленүүдө. 

Жакында мурдагы элчи мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын Кой-Таш айылында жайгашкан резиденциясына барып учурашкан. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх