Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев башында болгон колонна Кой-Таштан Бишкекке карай жолго чыкты

Мурдагы президенттин тарапташтары катуу сүйлөгүчтөр менен элдерден аларды колдоого чакырып жатышты 

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын колоннасы Кой-Таштан митинг өтө турган «Форум» имаратын көздөй чыгышты. 

Каршылык акциясынын катышуучулары кабарлагандай, мурдагы президенттин өзү колоннанын алдында бара жатат. Автомашиналардын кыймылы катуу сүйлөгүчтөр аркылуу музыка жана чакырыктар менен коштолот. 

Кээ бир авто унаалар КСДП партиясынын желектери менен шөкөттөлгөн. 

Мурдараак,  Алмазбек Атамбаев «Элдик  штабга» келген адамдар менен бирге куран окуп, кудайдан «бүгүн эч кимдин каны төгүлбөсүн» деп суранган. 

Фото www  

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх