Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков митингчилерди, эгер бийлик күч колдонууну чечсе, Атамбаевди коргоого чакырды  

Мурдагы депутат, өзүнүн мурдагы президенттей оппозиционер боло албагандыгына кейигендигин мойнуна алды 

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкектеги митингде Жогорку Кеңештин жана Президенттин кызматтан кетишин талап кылышууда. 

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков өз сөзүндө каршылык акциясына болжол менен 7 миңдей адам келгендигин айтты. 

- Бизге акыйкаттык жана мыйзамдуулук керек болуп жатат, - деп белгиледи ал.  - Урматтуу Сооронбай Шарипович, бизде бийликти басып алалы деген ой жок, ушундай деп сизге айтып жаткандар, Сизди адаштырып жатышат. Биз сизди сүйлөшүүгө барууга чакырабыз. Ким азыр өзүн оппозиция деп атайт? Жалгыз мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Бул чындык. мен дагы күчтүү оппозиционер жана саясатчы болгонду каалаймын, бирок, аныкындай болбой жатат. 

Жээнбеков жаңы оппозицияны колдоо керек деп кошумчалады. 

- Эгер бийлик Атамбаевге күч колдоном десе, анда аны коргогонго даяр болгула, - деп ал митингчилерге чакырык таштады. 

Эске салсак, , Бишкекте Атамбаевдин тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Каршылык акциясы «Эски элита кет! Бизге жаңы лидерлер керек!» деген ураандын астында өтүүдө.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх