Азимбек Бекназаровдун уулу президенттин аппаратында кызматка ээ болду
Мурдагы башкы прокурор, анын уулу кандай кызмат ордуна дайындалганын билбей тургандыгына ишендирүүдө
Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Азимбек Бекназаровдун уулу - Руслан Бекназаров - президенттин апаратында кызматка ээ болду. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештеги булактарыбыз билдирди.
Белгилүү болгондой, мурдараак ал Жалал - Абад облусунун Аксы районунун Кара - Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Азимбек Бекназаров өзү Vesti.kg сайтына бул маалыматты тастыктады, бирок, ал уулунун кандай кызматка олтургандыгын биле электигине ишендирди.
- Азыр мен Аксыдамын, - деди Азимбек Анаркулович. - Балам Бишкекке кеткен. Ал өзүн президенттин аппаратына которуп жатышат деген болчу. Дайындалдыбы же жокпу, кабарым жок. Аны менен сүйлөшө элекмин.
Зулайка Эркимбаева
Фото www