Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылычбек Султан: Бийлик кайрадан мага басым жасай баштады 

Бүгүн  Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчисин кайрадан УКМКга суракка чакырышты 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси бүгүн кайрадан УКМКнын БТБна суракка келди. Бул тууралу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова   Vesti.kg сайтына кабарлады. 

Анын айткандары боюнча, мурдагы сурак 4 саатка созулган. 

- Бүгүн суракты саат 10:00гө белгилешкен, - деди юрист. - Кайсы иш боюнча экендигин, азырынча айта албаймын, себеби, биз бул нерсени жайылтпоо тууралу документке кол койгонбуз. 

Ал арада Кылычбек Султан  УКМКнан келген чакыруунун өзү саясий кугунтуктоо болуп саналарын билдирди. 

«40 күн мурдагы «Супер-Инфодо» жарыяланган макалада мен 1-2 ай саясаттан ыраак боломун деп айткан болчумун. Тилекке каршы, чыныгы абал менен менин пландарым туура келбей калды. Эгер тагыраак айтсам, биз мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде акыйкатсыз иштер болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Бул абалга байланыштуу таразанын ташынын бир тарабында менин үй-бүлөмдүн коопсуздугу жана «Супер-Инфо» гезити, башка тарабында адамгерчилик болду. Ошондуктан, мен адамгерчилик кылып, жакында Атамбаевге бардым жана  колдоо көрсөттүм. Андан кийин бийлик мага кайрадан басым көрсөтө баштады», - деп жазды ал. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх