Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палатанын мурдагы башчысына медаль мыйзамсыз тапшырылганбы? 

Жакында ал тартиптик жаза алды. Конституциялык палатадан мунун сыйлык алганга эч кандай таасири болбойт деп ишендиришүүдө

Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы Эркинбек Мамыров Конституциялык палатанын I - даражадагы «Кынтыксыз кызматы үчүн» медалын алды. Сыйлыкты КП жаңы төрагасы Карыбек Дүйшеев бир канча күн мурда тапшырды. 

Бирок, Мамыровдун кесиптештери, бул мыйзам бузуу болуп саналарына ишенишет. Бул тууралу юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналинев Vesti.kg сайтына кабарлады. 

 «Учурда иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, Мамыров сыйлыкты алганга акысы жок болчу, себеби, жакында эле ал эскертүү түрүндө тартиптик жазага кириптер болгон, - дейт судьялардын бири. - Жаңы төрага муну билген эмес. Кызматкерлер башкармалыгы аны эскертишкен эмес».

Юрист жаңы төрага Мамыровду сыйлоо жөнүндөгү өзүнүн буйругун катачылык болгон деп, жокко чыгарып, жаңы төраганы ыңгайсыз абалга калтырган кадр кызматкерлерин жазалашы керек экендигине ишенет. 

- Андай болбосо, эмгек мыйзамдарын бузуу менен ишин баштаган болот, - деп тамашалайт Осмоналиев.

Ошол эле убакта, Конституциялык палатанын маалымат кызматы эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деп ишендирет.

- Биринчиден, бизге белгилүү болгондой ал сыйлыкты ала элек, - деп ал жактан Vesti.kg сайтына жооп беришти. - А экинчиден болсо, буга тыюу салынган эмес. Тартиптик  жаза алуу бул сыйлыкты алууга эч кандай таасир этпейт. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg Соттор Кеңешинин алдындагы Тартиптик  комиссия Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы Эркинбек Мамыровго эскертүү берди деп кабарлаган. Буга Исхак Масалиев тарабынан жазылган  арыз негиз болгон. 

- Бул чындык, мен аны кызматынан бошотулсун деп суранганмын, бирок, комиссия эскертүү менен чектелишкен, -деп айткан парламентарий ошол кезде. - Бирок, менин айткандарым менен макул болушканы, баары бир жакшы болду. 

Алдыңкы күнү Vesti.kg сайты Конституциялык палатанын жаңы төрагасын шайлап жатканда төрагалык кылган, Эркинбек Мамыров мыйзамды бузган деп кабарлаган. 

- Конституциялык палата жөнүндөгү мыйзамдын 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, КП жаңы төрагасын шайлоодо жыйынды жашы боюнча улуу адам өткөрүшү керек, бирок, судьялардын айтымында, Мамыров мыйзамды бузуп, жыйынды өзү өткөргөн, - деп айтты Осмоналиев. - Ошол эле кезде катышкандардын арасында мурдагы төрагадан улуу эки судья болгон: Куанбек Кыргызбаев жана Курмантай Абидиев күзүндө 70 жашка чыгышат. Ал жөн эле мыйзам бузууга көнүп калган. 

Кайрат Осмоналиевдин айтымында, Мамыров керек болсо, өзүнүн орун басарынан керектүү документтерге кол коюуну суранып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи наамын да өзүнө өзү «тапшырган».

Ольга Федорчук

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх