Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-премьер: Эгер Дастан Джумабеков депутаттарды тилдей баштаса, анда депутаттар аны кызматынан жылдырышат

Мурдагы  парламентарийлер төраганын быйылкы жылы Жогорку Кеңеш  жакшы иштеди деген сөзүнө макул болушкан жок

Быйылкы жылы парламент жакшы иштеди же жаман иштеди деп айтуу кыйын, бирок, талаш-тартыштар көп эле болду.  Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Асия Сасыкбаева ушундай пикири менен бөлүштү. 

 - Кээ бир депутаттардын кызыктай болгон билдирүүлөрү жана ошондой эле олуттуу маселелерде добуш берүүдө парламенттин имиджи бузулду, - деп белгиледи ал. Кээ бир учурларда Жогорку Кеңеш тышкы таасирлер астында болуп жаткандай көрүнүп жатты. А чынында, элдин жашоосун жакшырткан мыйзам долбоорлорунун жок болгондугу. Негизи, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү биринчи кезекте, элдин керектөөлөрүнө таянуусу керек эле. 

Ошону менен бирге, Асия Айтбаевна алсыз өкмөттү дайындоону парламенттин эң чоң катасы деп эсептейт. 

- Жогорку Кенеш алсыз өкмөттү түзөт, андан финансыны эффективдүү башкарууда көйгөйлөр чыга баштайт, - деп көрсөттү ал. - Ооба, бюджет дагы дайыма чоң дефицит менен кабыл алынат. 

Түшүндүрүп кетсек, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда төрага Дастан Жумабеков элдин парламентти сындагандыгынын себеби, парламент  «жакшы иштейт» деп билдирген. Төраганын айтымында, депутаттарга саясий чечимдер кабыл алынгандан кийин, сындардын негизги толкуну жааган.

Ошону менен бирге, мурдагы депутат, мурдагы премьер - министр Феликс Кулов Жумабеков парламенттин иши жөнүндө башкача айтуусу мүмкүн эмес болчу, себеби, анын негизги милдети - өзү жетектеген жамааттын кызыкчылыктарын коргоо деп ойлойт.

- Эгер ал өзү тилдеп баштаса, анда аны азыркы кызматынан кетиришет, ошондуктан анын сөздөрүндө логика бар, - деп түшүндүрдү Vesti.kg сайтына Феликс Шаршенбаевич. - Ошондой болсо да, парламентке бааны шайлоочулар бериши керек. «Легендарлуу парламент» гана жакшы иштеген. Чындык, көпкө эмес, себеби, Аскар Акаевичке жакпай калган. А негизи, кээде парламентке же өкмөткө оң баа берген учурлар айласыздан болуп калат. Бул нерсе бир эле Кыргызстанда эмес.  

Кулов  өзү да депутат болгон Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында, аз тилдешкен. 

- Мүмкүн, бул революциянын толкунунда келгенибиз үчүндүр, - анда, акчасы бар адамдар эмес,  кандайдыр бир деңгээлде белгилүү болгон адамдар депутат болушкан, - деп түшүндүрдү ал. - Азыркы чакырылышта эч ким жашырбайт, көпчүлүк депутаттар акча менен келишти. Алар өздөрүнүн финансылык кызыкчылыктарын коргошот. А эл болсо, муну көрүп турушат. Анан мурдагы парламентте деле депутаттарда, азыркыга караганда көп кыйчалыштар болгон. Азыркы депутаттарга оң бааны коюу кыйыныраак.

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх