Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы: Бекназаров иштериндеги тажрыйбасын эске алуу менен дайындалган 

Мамлекет башчысынын аппаратында мурдагы башкы прокурордун уулу кандай кызматка олтурганы белгилүү болду

Руслан Бекназаровду КР президентинин аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмгө эксперт болуп чындыгында дайындалгандыгы белгилүү болду. Бул маалыматты  Vesti.kg сайтына Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы Саякбай Субанов тастыктады. 

Руслан Бекназаровдун функционалдык милдеттерине мындан ары Кыргызстандын аймактарынан түшкөн жарандардын кайрылууларын анализдөө жана президенттин аппаратынын андан аркы иштеши үчүн тийиштүү эксперттик сунуштарды киргизүү болуп эсептелет.

- Бекназаров иштериндеги тажрыйбасын эске алуу менен дайындалган, - деп түшүндүрдү Субанов.

Бекназаров Руслан Азимбекович 1981-жылдын 10-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн. 

2002 - жылы Жусуп Баласагын атындагы КМУнин «юриспруденция» адистигин бүтүргөн. 

2003-жылдын март айынан баштап, 2005-жылдын июнь айына чейин Акыйкатчынын институтунда иштеген, а андан кийин эки жыл УККында өткөргөн (2005-2007-жылдар). 

2007-жылдын августунан 2009-жылдын январына чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарымдуу өкүлүндө эксперт болуп иштеген. 

2011-жылдын сентябрынан ноябрына чейин Тышкы иштер министринин жардамчысы, андан кийин толук бир жыл Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинде иштеген.  

2015-жылы  «Республика – Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде катталган. 

2017-жылдын июль айынан баштап 2019-жылга чейин Жалал-абад облусунун Аксы районунун Кара - Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 

Мурдараак Vesti.kg сайты парламенттеги булактарына таянып, мурдагы башкы прокурор Азимбек  Бекназаровдун уулу - Руслан Бекназаров - президенттин аппаратында кызматка ээ болгондугун кабарлашкан.  

Азимбек Бекназаров өзү Vesti.kg сайтына, уулунан боло турган дайындоо тууралу уккандыгын, кандай кызмат жөнүндө сөз болуп жаткандыгын билген эмес. 

- Азыр мен Аксыдамын, - деди ал. - Балам Бишкекке кеткен. Ал мени президенттин аппаратына которуп жатышат деп айткан. Дайындалдыбы же жокпу, билбеймин. Азырынча аны менен сүйлөшө элекмин. 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх