Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованын туугандары АКШдан саясий башпаанек алышты 

Миграциялык сот Кыргызстанда саясий оппонентерин куугунтукка алышы мүмкүн деп таанышты 

Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) жана анын үй-бүлө мүчөлөрү АКШдан саясий башпаанек алышты.  Бул тууралу Vesti.kg сайтына Аида Салянованын жакын тууганы айтып берди. 

- Американын Миграциялык соту арыз берген адамдын далилдерине ынануу менен, Кыргызстанда бийликтин оппоненттерине саясий куугунтук болушу мүмкүн деп макул болду, - деди редакция менен аңгемелешкен адам. - Сот Аида Жеңишбековнанын Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө коррупциялык схеманы ачкандыгы үчүн жазага тартылды, так ошондон кийин аны соттошкон дегенди эсепке алышты. 

Аны менен бирге Салянованын тууганы Кыргызстанда айыптоолорду жана далилдерди жасалмалоо фактысы мүмкүн деп чет өлкөлүк сот тааныгандыгын кошумчалады. 

- Сот анын саясий ишенимдерине байланыштуу келечектеги куугунтуктоолордун алдындагы негизделген коркуу сезимин жооп берүүчү ачыктады, ал деген аны башпаанек алууга мыйзам боюнча укуктуу деп эсептейт, -деди ал. - Андан тышкары, Кыргызстандын укук коргоо органдары бийликтин оппоненттерин куугунтуктоо үчүн Интерполдун издөөсүнөн пайдаланышат деген сөздөр сотто айтылды. 

Эске салсак, Калыбек Элтуйбасовдун аты  Камила Дүйшебаеванын өлүмү тууралу резонанстуу иште пайда болуп, башында күбө катары каралып, кийин укук коргоо органдары аны «тергөө өндүрүшүнө тоскоолдук кылгандыгы үчүн» издөөгө алышкан. 

Кийинчерээк, ИИМнен Элтуйбасовду АКШдан алып келүүгө ниеттенип жаткандыктарын жана Башкы прокуратурага суроо - талап жөнөтүшкөндүгүн айтышкан. Бирок, башкы көзөмөлдөө органынан КР менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо тууралу келишим жок болгондуктан алып келүү мүмкүн эмес деп билдиришкен. Жыйынтыгында Ички иштер министрлигинен Калыйбек Элтуйбасовду мүмкүн депортация кылуу жөнүндө көңүлгө алганбыз деп түшүндүрүштү. 

Вероника Малышева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх