Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мискенбаев Ош базарында соода кылып жүргөн, 7-апрелде бутуна ок тийип, «баатыр» болду 

Революциянын баатыры «Соке кетсин!» деп жарыялады. Трагедиялуу окуянын башка катышуучулары аны колдошкон жок

Эгер Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетпесе, Кыргызстандагы абал оңолбойт. «Медиафорумдун» имаратынын жанында өткөн митингде ЖК мурдагы депутаты, Апрель революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев ушундай билдирүү менен чыгып сүйлөдү.

 Ал мамлекет башчысын «үй-бүлөлүк - кландык башкарууга» макул болуп жатат деп күнөөлөдү: 

«Бийликте агасы жана иниси, инисинин аялы, кудасы олтурат, - деп эсептеп кирди мурдагы парламентарий. - Эмне алардан башка кыргыз калган эмеспи?! Соке кетсин!».

Ошондой эле Мискенбаев парламентти да «баскылап» өттү, аларды чындыгында «чимкирик» - сопливый деп жарыялады. Ал мурдагы кесиптештеринин компетентсиз экендигине да Сооронбай Жээнбековду күнөөлөп өттү. 

«Бийлик жана байлык үчүн, алар керек болсо аялын да сатканга даяр, - деп ишенет Апрель революциясынын баатыры.  - Негизги себеп эң жогору жакка - Жээнбеков барат. Парламентте Асылбек Жээнбеков олтурат. Ал депутаттарга жаткыла десе - жатышат, тургула деп айтса - турушат, мурдуңарды тарткыла десе - тартышат. Мен ал жерде иштегенмин, мен билемин!».

Андан кийин, мурдагы эл өкүлү кууугунтукталганына арызданды. 

Апрел революциясынын башка баатырлары Мискенбаевдин билдирүүсүнө сын-ишенбегендик менен мамиле кылышты. 

- Ал кантип баатыр болгон? – деп кызыкты, Vesti.kg сайты менен болгон сүйлөшүүдө алардын бири Расул Умбеталиев. - 2010 - жылга чейин Мискенбаев Ош базарында боек саткан. 7-апрель күнү аянтка барып, бутуна ок жеген. Биз аны жана дагы башкаларды ал жерден алып чыгып, ооруканаларга жеткиргенбиз, өмүрүн сактаганбыз. Анан ошол толкун менен «баатыр» болгон. Ошол убакта бардыгына «баатыр» бере беришкен. 

2015-жылы Апрель революциясынын баатырларынын квотасы менен парламентке кирген. Бирок, ал жерде өзүнүн али жетиле электигин жана компетентсиз экендигин гана көрсөттү. 

- Көчөдөн келген ар ким эле депутат боло бербейт, - деп белгиледи ал. - Мискенбаев иштей албады, анан кетти. Баса белгилеймин: Бул Алмазбек Атамбаевдин убагында болгон. Ошондо Жогорку Кеңешти ким чимкирик кылган? 

Умбеталиев азыркы мамлекет башчысына байланыштуу «үй-бүлөлүк - кландык башкаруу» деп айтууга болбойт деп эсептейт. Айтылган фактыларды далилдөө керек. 

-А Мискенбаеге ишенбеш керек, - деп жыйынтыктады ал.

Апрель революциясынын башка бир баатыры Осунбек Жамансариев Кыргызстанда парламенттин рейтинги чындыгында түшүп калды деп мойнуна алды. Бирок, бул көйгөй убактылуу гана деп эсептейт. 

- Иштин баары партиялардагы талашта, өзгөчө, КСДПда, - деди ал Vesti.kg сайтына. - бир бөлүгү Атамбаевди колдошот, калгандары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн. Түшүнүктүү, коомчулук алдыга максаттуу жылыштын жоктугуна нараазы. 

Жамансариев мамлекет башчысынын бир канча туугандары бийлик структураларында мурдатан иштеп жатышса, абалды  «үй-бүлөлүк - кландык башкаруу» деген жарабайт деп ишенет.  

- Бирок, кадрлар маселесин чечүү усулдарына нараазылыктар бар: кызматтарды түрдүү парашютчулар алып жатат, - деп белгиледи ал. - Бирок, Сооронбай Жээнбековдо дагы беш жылы бар. Менин оюмда ал баардыгын жолго салат.

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх